ФАТВА
Динде арачылык барбы?

Динде арачылык барбы?

Динде арачылык барбы?

Суроо: Ниса сүрөсүнүн алтымыш төртүнчү аятына караганда, динде арачылык (далдалчылык) барбы? Пайгамбардын дуасы арачылык болобу? 

Жооп: Ооба, Ниса алтымыш төрттө Аллах пайгамбарывызга, момундар үчүн дуа кылгын дейт. Бирок бул арачылык эмес. Тирүү пайгамбар өз үммөтүнө дуа кылбаса, анда кимге дуа кылат? Ата-эне баласына дуа кылганда бул арачылык болобу? Албетте жок!.. 

Суроодо өткөн аятта Аллах мындай дейт:

«Биз пайгамбарды Аллахтын уруксаты менен гана мойун сунсун үчүн жөнөткөнбүз. Эгерде алар өздөрүнө адилетсиздик кылышса сага келишет да, Аллахтан кечирим сурашат, алар үчүн Аллахтын элчиси да кечирим сураганда, алар Аллахтын тооболорду кабыл кылуучу, мээримдүү экендигин табышаар эле» (Ниса 4/64). 

Мына бул аяттада Аллах ачык ачык пайгамбарына, момундарга дуа кылгын, деп буйрук кылып жатат:

«Билгин: «Чандыгында, Аллахтан башка кудай жок! өзүндүн күнөөлөрүндүн, момун эркектердин жана момун аялдардын кечирилишин сура». Аллах силердин жумушчу ордуӊарды да, тыныгуучу ордуӊарды да билет» (Мухаммад 47/19). 

Аллах кечиримдүү зат болгон үчүн адам баласына мындай бир пырсат берип жатат. Инсандарда, албетте, бул пырсатты толук мааниде колдонушу керек. Демек, кечиретурган зат, бул бир гана Аллах болот. Ал эми пайгамбар, бир гана: «О, Аллах! Бул инсандарды кечиргин!», айтышы мүмкүн. Пайгамбар өзү кечире албайт! Пайгамбар өз урматына, башкаларына кечирим сурана албайт! Мындай акысы анда жок!..

Мурун, инсандар келип, «Я, Расулуллах! Бизге дуа кыл, балким Аллах бизди кечирет», деп. Ошондой нийет менен дуа (пата) суранган экен. Ал эми бүгүн пайгамбар ортовузда жок… Болсодо, болбосодо негизде Аллахтан кечирим сураш керек. Пайгамбардан мындай дуа суранбайт. Анкени өлгөн пайгамбарга мындай дуа менен кайрылуу, бул ширк болуп эсептелет.

Эми Ибрагим пайгамбардын өз балдарына, урпактарына, жана бүт момундарга кылган дуаны Курандан эстейли:

«Бир заман Ибрагим: «Эгем! Бул калааны тынч кыл. Мени жана уулдарымды сөлөкөттөргө табынуудан сакта!», – дегенин эсте… «Оо, Эгем! Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу кыл. Эгебиз! Тилегибизди кабыл кыла көр. Эгебиз! Мени, ата-энемди жана момундарды эсеп алына турган күндө кечир!» (Ибрагим 14/35, 40-41).

Теги: динде арачылык барбы, пайгамбардын дуасы арачылык болобу, Аллах пайгамбарывызга, момундар үчүн дуа кылгын дейт, башкаларына дуа кылганывыз, арачылык эмес.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети