ФАТВА

Талак маселеси

Талак маселеси 

Суроо: Менин окуям баарына сабак болсун. Эч кимге ажырашууну каалабайм. Сабырдуу болгула! Өзүм Россияда аялым Кыргызстанда эле. Телефондо катуу урушуп жообумду бер дей берди эле ачуум менен бир талак деп ниетимден ажыраштым деп айттым салдым. 8 июнь күнү экөөбүз тен өткөнгө өкүнүп бир айга жетпей чакырып алдым жаныма. Диний маалымат булактардан 3 ай идда өткүчө нике кыйбастан кайтарып алууга болот деген маалыматка таянып кайра башынан жашай баштадык. Андан бери бир жарым айдан соң кайра катуу урушуп ачуу үстүндө дагы бир жолу бир талак деп айтып алдым, бирок ниетим коркутуп койуу эле. Баарына өкүнөм, суроом мен айткан сөз экөөсү тең түштүбү же кандай? Мечитке барганга чейин силерден да сурайын дегеним.

Жооп: Суроонуз үчүн ырахмат. Куран бойунча сиздин нике тушкон жок. Анткени урушканда талак эч качан берилбейт. Сиздин ситуацияда талак болбойт, жана никенизге эч бир зиян келген де жок. Талак берүүнүн шарттары жана эрежелери бар, егерде алар туура келбесе, анда талак өтпөйт, мин жолу талак берсенерде – өтпөйт.  

Ошондуктан, мундан кийин урушпагыла, жакшынекей жашай бергиле. Жаны никеге де кереги жок.

Берилген линке (https://www.fatva.net/talak-kacan-tuura-bolot/) кирип жазылгандарды жакшынекей окуп турунуздар. Ошол маалымат тууралу аракет кылыныздар.

Кош калын.

Саламат болун.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети