ФАТВА
Аяттардын түшүрүлүш себептери жана тарыхчылык

Аяттардын түшүрүлүш себептери жана тарыхчылык

Аяттардын түшүрүлүш себептери жана тарыхчылык

Суроо: Аллах инсандарды алардын эрк жана эркендигине карата, алардан чыккан себептерден сынап жатат. Ал эми башка аяттар, башка башка себептерден түшүрүлүшү мүмкүнбү? Жана биздин тарыхчылыкка кандай көз карашывыз болуш керек? 

Жооп: Албетте, бир аят бир максат менен, себеп менен түшкөндө, анын түшүнүшү абдан женил болот. Бирок эрежеде мындай айтылат: «Себептердин жекелиги негизги мыйзанды (законду) тоспойт». Башкача айтканда, бир аят бир себеп менен түшүрүлгөн, бирок бүгүн ошол аятты башка окуяларга чечим катары колдонсокта болот. 

Ошондуктан, бул жерде тарыхчылыктан сөз болбойт. Анткени Шура сүрөсүн 13 аятында мындай айтылат: 

«Эмнени Нухга осыйат кылган болсо, ошону да сага вахий кылдык» (42/13)…

Анан кийн, Маида сүрөсүнүн 3 аятында Аллах мындай дейт: 

«Бүгүн силерге диниӊерди толук кылдым жана силерге ырайымымды  акырына чейин жеткирдим. Жана Исламды силерге ыраа көрдүм» (5/3)…

Ал эми Али-Имран сүрөсүнүн 85 аятында мындай айтылат: 

«Кимде-ким Исламдан башканы дин катары тутунса, анын дини кабыл кылынбайт жана ал акыретте зыйанга учуроочулардан (болот)» (3/85). 

Аллах мындай айтып жатат: дин – бир гана Ислам! Кимде башка дин издеп жүрсө, алардан ошол дин кабыл алынбайт. Анткени дин толук болуп бүтүрүлдү. Мындан кийн бул аят Меккеде түштү, бул аят Мадинада түштү сөздөрүн бир мааниси жок. Анткени, бүт аяттар түшүрүлдү жана акырына чейин жеткирилди… 

Теги: аяттардын түшүрүлүш себептери жана тарыхчылык, себептердин жекелиги негизги мыйзанды (законду) тоспойт, дин Ислам.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети