ФАТВА
Жиндердин инсандарга болгон таасири кандай?

Жиндердин инсандарга болгон таасири кандай?

Жиндердин инсандарга болгон таасири кандай?

Суроо: Меним бир досум бар, анын кызына жин кирген. Ал кыз 17-ти жашта. Кызынын психикасы абдан начар болуп калды. Кийин досум кызыны молдого алпарып бир нерселер окуткан. Бир канча жолу барып келгенден кийин, ошол жин кызынан чыгып кетти… Мындай бир окуяга мен өзүм күбө болдум. Куран бул нерсеге эмне дейт? 

Жооп: Мындай окуялар көп айтылат. Балким бир чындыгы бар. Бирок мен өзүм канча жолу жиндерди чакырган болсом, эч качан мындай жоолук болгон эмес. Бул күнгө чейин бир жин дагы мага тийишкен эмес. Аллах сактасын. Балким бул нерсе адам баласынын начар психикасынан болушу мүмкүн. Орусча айтканда, мындай кишилер, сырттан келген аркандай нерсеге «уязвимый» болот. Иманывыздын уязвимый болгон жагы, бул Курандан алыс болгонувуздан келет. Куранга жакын болгон кишилерде мындай проблемалар жок.

Жиндердин бар болушу – бул Курандагы акыйкат. Кааласанар Курандын Жин деген сүрөсүнү баштан аяга чейин окугыла, алар тууралуу малыматтанасынар.

Жиндер инсандан мурун жаратылган жандуу жана акылдуу нерселер… Жиндер оттон – жаратылган, бирок инсан – топурактан. Жиндер көзгө көрүнбөгөн жандуулар, ал эми инсан – көрүнө турган жандуу…

Башталышта Адам алейхиссаламга сажда кылбаган Иблис жиндерден болгон. Такаббур кылган үчүн Аллах анын бейиштен чыгарды жана Иблистин мындан кийинки касиети «шайтан» болуп калды. Ал мурун периште болгон. Периште – бул жакшы жиндердин касиети. Бирок булар баары жин түрү эсептелет. Мисалы, адам баласына Аллах Нас сүрөсүндө шайтан дейт. Мунун мааниси, инсандардын ортосунда жакшы инсандар – периште сыйактуу, ал эми жаман инсандар – шайтан сыйактуу.

Шайтан бейиштен чыгарылгандан кийин, Адам алейхиссаламга жаман ачууланды. Анткени, шайтандын пикиринде, бейиштен чыгарылганын себеби Адам баласы болгон. Бирок аятка караганда себеби туп-туура өзү болгон, анткени Адамга сажда кылбады. Аллахтын буйругуну аткарбады, ошондуктан бейиштен куулду.

Бейиштен куулган шайтан (Иблис) Аллахга адам баласыны кыйаматка чейин туура жолдон адаштырам деп, сөз берди. Мисалы, Нас сүрөсүндө шайтандын «васвасасынан» айтылат. Васваса, бул колтукка түртүү, жамандыкка үндөө, жамандыкка үйрөтүү, азгыруу. Мына бул иштерди шайтан адам баласына кылып жатат. Ошондуктан Аллах Куранда көп жолу, «шайтан адам баласынын душманы» деп, атып жатат.

Бирок, шайтан биргана жамандыкка чакырбайт. Ал психикасы бузук инсандарга абдан жаман таасир берет. Ошол, элдин ичинде айтылган сөз «жин кирип кетти», акыйкатта, бул шайтандын таасиринде калган киши эсептелет. Шайтандын таасирине кирген психикалык жактан начар болгон кишилер абдан жаман ооруларга дуучар болуп калышат. Ошондуктан, шайтандын жана жаман жиндердин таасиринде калбаш үчүн Куран окуш керек. Куранды түшүнүп окушкерек. Түшүнгөндөн кийин жашоого тартыш керек.

Куранды жашаган инсанга шайтан болсун, башка жиндер болсун, шайтан болгон инсандар болсун, эч бирөөсү, эч качан таасир кылаалбайт. Бул Аллахтын Курандагы мийзаны. Муну билгенден кийин коркпойунуздар, шайтан силерге эч качан, эчтеке кылаалбайт.

Теги: жиндердин инсандарга болгон таасири кандай, жиндер, шайтандар, васваса, периштелер, куулган шайтан, Куранда жиндер.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети