ФАТВА
Биз силерди жөн эле жараткан жокбуз!

Биз силерди жөн эле жараткан жокбуз!

Биз силерди жөн эле жараткан жокбуз!

Суроо: Муминун сүрөсүнүн 23-ү аятыны кандай түшүнсөк болот?

Жооп: Аллах Куранда мындай дейт:

«Биз силерди жөн эле жараткан жокбуз. Силер Бизге кайра кайтпайбыз», – деп ойлодуңарбы?» (Муминун 23/115).

Аятка караганда, көп ойлонбостон, аны мындай түшүнөбүз. Аллах биринчиден, бизди сыноо үчүн жаратты. Куранда бул жөӊдө көптөгөн аят бар. Мындай дейт:

«(Ал) силердин кимиңер жакшы амалдарды жасаарыңарды сыноо үчүн өмүр менен өлүмдү жараткан. Ал – Ызааттуу, Кечиримдүү!» (Мулүк 67/2).

Аллах өсүмдүктөрдү жана айбандарды да жаратты, бирок алардын жаратылыш негиздери, сыноого ылайык эмес. Негизи, өсүмдүктөр жана айбандар инсандарга кызмат үчүн жаратылган. Бирок Куранда Аллах мындай дейт:

«Мен жиндерди жана инсандарды Өзүмө сыйынуулары үчүн гана жараттым» (Зариат 51/56).

Демек, бул дүйнөдө биз менен жин таипелери да сыноого даяр жаратылган. Биз жиндердин кандай сыноодон өткөнүнү билбейбиз, бирок инсандар көбүнчө, аятта айтылган нерселерден сыноо болот. Аллах мындай дейт:

«Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерсе менен, ошондой эле мал-мүлкүңөрдү, жаныңарды, түшүмүңөрдү кемитүү аркылуу сынайбыз. Сабыр кылгандарга сүйүнчүлө!» (Бакара 2/155).

Эми Муминун сүрөсүнүн 23-ү аятыны, баш жагы түшүнүктү окшойт. Ал эми аяттын аягында, бизди жараткан Аллахга кайра кайтабыз, деген сөз, бул бүт жер жүзүндө болгон жандуу нерселердин кайра Аллахга кеткенивизди жана бул дүйнөдө жасап-кылган иштерибизден суракка тартылабыз деген маселе…

«Анын (жердин) үстүндөгүнүн баары жок болот» (Рахман 55/26).

Чыӊыгы момун мусулман болушубузду такташ үчүн, биз сыноолорго баш ийип, сабыр кылышыбыз керек. Аллах мындай дейт:

«Аларга кайгы-балээ келгенде алар: «Чындыгында биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз» — деп айтышат» (Бакара 2/156).

Көргөндөй эле, аятта алар деген сөз – момун мусулман кишилер деген. Мына кыскача, бул аяттар менен Муминун сүрөсүнүн 23-ү аятыны түшүнөбүз.

Теги: муминун сүрөсү, 23-ү аяты, бул жашоо – сыноо, жаратылган инсан жана жин, сабыр кылыш, чындыгында биз Аллага таандыкпыз, Ага кайтуучубуз, Бакара 2/155-156, Муминун 23/115, Зариат 51/56, Рахман 55/26.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети