ФАТВА
Өкүмдү бир гана Аллах берет!

Өкүмдү бир гана Аллах берет!

Өкүмдү бир гана Аллах берет!

Суроо: Мусулмандар ортосунда талаш тартыш болгондо өкүмдү ким берет? Мазхабтар өкүмдү Расулуллахтын сөзүнөн же «ижма» деген, алымдардын сөзүнөн чыгарып беришет. Бирок Куранда өкүм берүүчү катары жалгыз Аллах болуп турат. Аллахтын сөзүнү же өкүмүнү таштап, мазхаб алымдардын өкүмүнү колдонгон мусулмандар тура кылып жатабы? Бул маселеге эмне дейсиз?

Жооп: Сөзсүз Аллах, өкүм берүүчү Зат. Аллахтан башка эч ким өкүм бера албайт. Аллахтын өкүмдөрү, бардыгы Куранда жазылган. Бирок алымдар өздөрүнө өкүм чыгаруу милдетини чыгарган. Бул өкүм чыгару системасына да «ижма» деп айткан. Бул тура эмес. Анткени, Аллах ачык-ачык айтып жатат:

«А силер талашып, тартышкан нерселердин өкүмү Аллахка таандык. Мына бул менин Эгем – Аллах. Мен ага гана тобокел кыламын жана ага кайтамын» (Шура 42/10).

Бул аят, бизге суроолордун жообуну бир гана Курандан табасынар, ачыктан атып жатат. Кандай маселе болсо, ошол маселеге чечим, албетте Курандан табылат. Ошондуктан биз алымдарга эмес, түзмө-түз Куранга кайрылышыбыз керек. Эгерде Куранды билбесек, анда, албетте билген алымдардан сурайбыз. Ошол алым киши да сөзсүз Курандан жооп бериши керек.

Аллах ачыктан, аятта, өкүмдү Мен берем деген болсо, башка чечим жана өкүмдөргө баш ийү бул Аллахга урматсыздык эсептелет. Ошондуктан чечимдеривизди бир гана Курандан беришивиз керек. Аллах башка аятында бизди Куранга тартып, бир гана Курандан жооп бергенивизди бизге билдирип жатат. Мындай дейт:

«(Эй, Мухаммед!) Сага түшүрүлгөнгө бекем тутун. Сен, чындыгында, туура жолдосун. Акыйкатта, Куран сен үчүн жана сенин үммөттөрүӊ үчүн бир насаат. Жакында (Курандан) суракка алынасыӊар» (Зухруф 43/43-44)

Теги: өкүмдү Аллах берет, өкүмдөргө баш ийү, аяттар, Куран – Аллахтын сөзү, Аллах – өкүм берүүчү Зат, Шура 42/10, Зухруф 43/43-44.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети