ФАТВА
Курандан өкүм кандай чыгарылат?

Курандан өкүм кандай чыгарылат?

Курандан өкүм кандай чыгарылат?

Суроо: Курандан өкүм кандай чыгарылат? Мен Курандан окуган жерден өкүм чыгарсам болобу?

Жооп: Бир мусулман, Куран окуганда, өкүм чыгарса болот. Бирок ошол киши алым болушу керек. Анткени, арким аркандай өкүм чыгарышы мүмкүн. Куранды жакшы билсенер, арапчаныз жакшы болсо анда өкүм чыгарышыныз мүмкүн. Ал эми өкүм кандай чыгарылат, бул хикматтуу иштин методу Аллах тарапынан Куранда билдирилген. Курандан өкүм чыгарган биринчи киши, бул Расулуллах (сав) болгон. Кандай өкүм чыгаргандыгыны Али-Имран сүрөсүнүн 7-чи аятынан үйрөнүп жатабыз. Аллах мындай дейт:

«Ал – сага Китеп түшүрдү. Анда өкүмдүү (мухкам) аяттар (бар). Жана алар – Китептин өзөгү. Калган аяттар – окшош (муташабих). Кимдердин жүрөктөрүндө (Куран тууралуу) кара ниети болсо, андагы окшош (муташабих) аяттарды  бурмалоо жана бузукулук кылуу максатында аңдышат. Анын чечмелөөсүн (тавилини) бир гана Аллах билет жана илимде бекем тургандар, (алар) айтат: «Биз ага ишендик! Баары – Эгебизден»! (Бул нерседен) акыл-эстүүлөр гана ойлонуп өрнөк алышат» (Али-Имран 3/7).

Мына бул аятта өкүм чыгарыш үчүн Аллахтан келген метод жөнүндө сөзболуп жатат. Курандын өкүм (мухкам) аяттарыны түшүнүш үчүн, аны ачыктаган окшош (муташабих) аяттарды Курандын аркандай сүрөсүнөн табышывыз керек. Аллах Курандын ичинде муташабих аяттарды экиден, төрттөн жана алтыдан, башкача айтканда – месаний аяттар кылып берди. Бүт булар Куранды түшүнүш үчүн Аллах тарапынан бир женилдик.

Бул аятта өткөн бир башка маселеге дагы көнүл бурам. Аллах муташабих деген аятты арапчада сырдуу аят деп айткан жок. Бирок котормочулар муташабих сөздү сырдуу аят деп которгон. Бул чоӊ ката! Муташабих деген сөз окшош аят демек. Бул бир.

Экинчи маселе, бул «анын чечмелөөсүн (тавилини) бир гана Аллах билет жана илимде бекем тургандар» аятындагы «вав» жана союзу деген маселе. Арапчасында «вав» бар, бирок котормодо ошол «вав» жок. Бул да чоӊ каталардан бирөө эсептелет.

Бул аятты ошондой эле которуш керек десек, жана «вав»-ды колдонбосок, анда эмнеге алымдар Куранды тафсир кылып жатышат? Бир гана Аллах билген нерсеге өздөрүн пикирлерди эмнеге жазышат?

Расулуллах бул аятка карап, ал дагы Курандан даяр болгон, Аллахтын өкүмдөрүнү чыгарган. Анын өкүм чыгаруу ишине хикмат деп айтылат. Башкача айтканада Расулуллахтын сөздөрү, чындыгында хадис эмес, бирок алардын баары хикмат. Ошол хикматтуу сөздөрү Куран менен мааниде барабар болсо, анда аларга сахих деп айтабыз.

Теги: Курандан, кандай өкүм чыгарылат, Куран аяттары, өкүм аяттары, Куранда хикматтуу сөздөр, өкүм чыгаруу ишине хикмат деп айтылат, Али-Имран 3/7.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети