ФАТВА
Тахажуд намаз кандай окуулат?

Тахажуд намаз кандай окуулат?

Тахажуд намаз кандай окуулат?

Суроо: Тахажуд намаз кандай окуулат? 

Жооп: Тахажуд намаз – бул түнкү намаз. Анын убактысы түндүн бир бөлүмүндө болот. Бул намаз куптан (иша) жана багымдат (фажр) намаздардын ортосунда жасалат. Тахажуд намаздын өзгөчөлүгү, аны уктагандан кийн туруп окуш керек. 

Тахажуд намаз – парз намаздардан эмес. Бул намаз – нафиль намаз (кошумча). Аллахын Элчиси мындай дейт: «Беш маал парз болгон намаздан кийн, тахажуд намаз абдан маанилү болуп эсептелет» (Müslim, Sıyâm, 202, (1163), 203). Бирок Расулуллахга өзгөчө тахажуд намазы, Аллах тарапынан, парз болуп эсептелген. Мунун далили Исра сүрөсүнүн 79-чу аятында айтылып жатат:

«Эгеӊ сени мактоого татыктуу орунга тургузуусу үчүн түнкү уйкундан туруп, жалгыз сага тийешелүү, кошумча болгон тахажуд намазды окуу!» (Исра 17/79). 

Айрыкча, бул намаздын башка кошумча намаздардан эч бир айырмасы жок, жана эки рекеттен окуулат. 

Теги: тахажуд намаз, кандай окуулат, кошумча намаз, нафиль намаз, бул түнкү намаз, Исра 17/79.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети