ФАТВА
Сапарда болгондор парз намаздарыны кыскартат бы?

Сапарда болгондор парз намаздарыны кыскартат бы?

Сапарда болгондор парз намаздарыны кыскартат бы?

Суроо: Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух. Эгер адам узак сапарда болсо, намазын касыр кылып окуйт. Ошондо, вирт намазын да касыр кылып окуш керекпи?

Жооп: Аллах Куранда мындай дейт:

«Силер сапарга чыккан учуруңарда эгер каапырлардын жамандыгынан корксоңор, анда намазды кыскартып окуп койсоңор, күнөө болбойт. Акыйкатта, каапырлар силер үчүн анык душман!» (Ниса 4/101). 

Бул аятта кыскартылган намаз, парз намазы болуп эсептелет. Башка эч бир намаздан сөз айтылган жок. Ал эми кошумча намаздар, алар ар дайым эки ракяттан окулат. Бул жерге чейин түшүнүктү окшойт. 

Ал эми витр намаз Куранда атайын Расулуллахга милдет болгон бир намаз экен. Исра сүрөсүнүн 79-чу аятында мындай айтылат: 

«Эге сени мактоого татыктуу орунга тургузуу үчүн уйкудан туруп сага милдеттүү болгон түнкү намазынды окуу» (Исра 17/79). 

Витр намазы ханафи мазхабында важип деп эсептелет. Бирок Куранга караганда бизге милдеттүү кылынган бир намаз эмес. Шафии мазхабында – сүннөт деп эсептелет. Акыйкатта – витр намазы биз момундарга кошумча бир намаз. Кошумча намаздар сапарда кандай болсо ошундай окулат, кыскартылбайт. Бир гана парз намаздар кыскартылат. Бирок шам (магриб) намазы 3 ракят окулат, кыскартылбайт.

Теги: сапарда болгондор, парз намаздарыны кыскартат бы, Ниса 4/101, Исра 17/79, кошумча намаздар, парз намаздар.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети