ФАТВА
Рамазанда, багымдат намазы кайсы убакытта окулат?

Рамазанда, багымдат намазы кайсы убакытта окулат?

Рамазанда, багымдат намазы кайсы убакытта окулат?

Суроо: Рамазанда, багымдат намазы кайсы убакытта окулат? Анткени, кээ бир мечиттерде, имамдар азандан кийин намазды окууп бүтүрүшөт, бирок ал учурда көк кап карангылык турат. Меним билгеним, ошол убакытта багымдат намазы окулбайт. Кандай туура болот, түшүндүрүп беринизчи?

Жооп: Таӊ  жери карангылык болгон учурда багымдат намазы окуулбайт. Бул аят менен далилдалган жана хадисте айтылып жатат. Рамазанда азан эртеле айтылган үчүн, мусулмандар ооздоруну бекитип багымдат намаздарыны окушат. Бирок азан айтылган учурда багымдат намаздын убактысы кире элек. Убактысы кирбеген намаз убактысынан мурун окулса, ал парз намаз эсептельбейт. Ошондуктан бул масалени жакшы тактап, мечиттердин имамдары убагында намаздарыны окууга аракет кылышы керек.  Мусулмандардын намаздары убактысынан мурун окулса, анда парз ооруна кеобеген үчүн, имамдар, Аллахтын алдында, бул нерседен жоопкер болот. Бул маселе абдан маанилуу.

Аллах, Рамазан айында багымдат намаздын окулатурган убактысыны мындай ачыктайт: 

«Орозо түндөрүндө аялыңарга кошулуу адал кылынды. Алар силер үчүн, силер алар үчүн жабуусуңар. Аллах силердин өзүңөргө кыянат кылганыңарды билди жана тообаңарды кабыл алып, кечирди. Мына эми, аялыңар менен орозо түндөрүндө кошула бергиле жана Аллах силерге жазган перзентти ниет кылгыла. Таңдагы ак жип кара жиптен ажыраганга чейин тамактана бергиле. Саарлыктан кийин орозону толук уланткыла жана мечиттерде этикафта отурганда аялыңарга жакындабагыла. Булар Аллахтын тыюу салган чектери. Аларды бузууга жакындабагыла! Адамдар такыба болуусу үчүн Аллах Өз аяттарын ушундай баяндайт» (Бакара 2/187). 

Ошол аятка карап, Расулуллах мындай жыйынтыгыны чыгарган: 

«Таӊ, жарык, шооласы эки түрдүү болот – чын жана жалган. Жалган таӊда эртен мененки намаз окуулбайт, бирок орозо кармаган киши, эртен мененки тамагыны жейвалат. Ал эми чын таӊда намаз окуулат, бирок тамак жейилбейт» (Хаким, 1/425, Байхаки, 4155). 

«Жалган таӊ – карышкырдын куйругуна окшош. Башкача айтканда, Күндүн ышыгы чыгышта вертикалдуу болуп нур чачып жатат. Бул убакытта намаз окуулбайт, бирок орозо кармаган киши, эртен мененки тамагыны жейвалат. Ал эми Күндүн ышыгы чыгышта горизонталдуу болуп нур чачып жатканда, мына бул убакытта намазды окууш керек, бирок тамак жейүүгө тыюу салынат» (Хаким, Байхаки. «Сахих аль-джами» 4278). 

Ибн Аббастан келген риваятта: Жабраиль периште Пайгамбарывызга намаздардын убактысыны үйрөтүү үчүн Каабанын алдында эки жолу имам болду. Жана бул хадисте качан орозосуна баштайт (эртен мененки тамакты жейт) жана бүтүрөт деген маселе өтүп жатат. 

«Жабраиль мага Каабанын алдында, эки күн (жолу) имам болду. Биринчи күнү биз түшкү (зухр) намазды, Күндүн көлөкөсү кыска боога жеткенде оукуудук. Кийн биз түштөн кийнки (аср) намазды, Күндүн көлөкөсү ар бир нерсенин толук боюна жеткенде окуудук. Кийн биз кечки (магриб) намазды Күн баткандан кийн окуудук. Бул учурда орозо кармаган киши ифтар кылышы керек. Ал эми качан, Күндүн ышыгы толугу менен жогулуп кетти, анда биз кечтен кийнки (иша) намазды окуудук. Эртен мененки (фажр) намазды биз таӊ агара баштаганда окуудук. Бул убакытка «фажри-садык» айтылат. Ошол убакытта орозо кармаган киши эртен мененки тамагыны (сухрды) бүтүрүшү жана ниет кылышы керек…» (Абу Давуд. Сунан. Намаз, 393; Tирмизи. Мевакит, 1, № 149). 

Эми туура болгонуну аят жана хадистерден көрдүк. Ал эми сиз мечитке барганда имам багымдат намазды убактысынан мурун эртеле окууп калса, сиз имамга кошулбасанар эчтеке болбойт. Рамазанда намаз эртеле окуулганда убактысынан мурун эсептелет. Парз ибадаттын убактысы кирбестен жасалса – парз эсептелбей! Анткени, бүт парз ибадаттардын белгилүү убактысы бар. 

Теги: рамазанда, багымдат намазы кайсы убакытта окулат, багымдат намазы, таңдагы ак жип кара жиптен ажыраганга чейин тамактана бергиле, имамдар азандан кийин намазды окууп бүтүрүшөт.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети