ФАТВА

Мурасты Куранга жараша кандай бөлүш керек?

Мурасты Куранга жараша кандай бөлүш керек?

Суроо: Атам өлдү, анын үч уулу жана төрт кызы калды. Аялы андан мурун өлгө экен. Эми мурасты кандай бөлөбүз? 

Жооп: Мурас Куран эсеби менен бөлүнөт. Аллах аялдарга мурастан бир бөлүмүнү берген учурда, ал-эми эркектер мурастын эки бөлүмүнү алып жатат. 

Мисалы, суроодо айтылган үч эркек жана төрт аялга мурасты 10 бөлүмдөн эсептесек, анда кыздарга мирастын төрт (4) бөлүмү, эркектерге алты (6) бөлүмү берилет… 

Аллах Ниса сүрөсүндө мындай дейт: «Аллах перзенттериңер жөнүндө: эркекке — эки кыздын үлүшүнчө мурасты осуят кылат. Эгер экиден көп же баары кыз болсо — мурастын үчтөн экиси, эгер жалгыз кыз болсо — тең жарымы тиет. Эгер мурас калтыруучунун перзенти болсо — ата-энесинин ар бирине, мурастын алтыдан бир бөлүгү тиет. Эгер ал перзентсиз болуп, ата-энеси гана мураскор болсо — апасына үчтөн бири тиет. Эгер анын бир туугандары болсо — апасына алтыдан бири тиет. Маркумдун керээзи аткарылып, карыздары төлөнгөн соң эсеп ушундай аткарылат. Ата -энеңер же балдарыңардын кай бири силерге пайдалуураак экенин билбейсиңер. Аллахтын көрсөтмөсү ушундай. Акыйкатта, Аллах Билүүчү, Даанышман.

Эгер аялыңар перзентсиз көз жумса, анын мүлкүнүн жарымы силердики. Эгер перзенттүү болсо – анын керээзи жана карыздары төлөнгөн соң аялыңар калтыргандын төрттөн бири силерге тиешелүү. Эгер перзентсиз болсоңор силер калтыргандын –аларга төрттөн бири тиешелүү. Ал эми балалуу болсоңор, осуятыңар аткарылып, карызыңар төлөнгөн соң – аларга сегизден бири тиешелүү. Ал эми, мурас калтыруучу эркек же аял болсун – ата-энесиз, перзентсиз болсо – бир туугандарынын ар бирине алтыдан бир бөлүгү тиет. Эгер алардын саны бирден көп болсо — баары үчтөн бир бөлүгүнө тең укуктуу. Бул бөлүштүрүү мураскорго зулум кылынбай, осуяттары аткарылып, карыздары төлөнгөн соң ишке ашат. Аллах – Билүүчү, Жумшак» (4/11-12). 

Теги: мурасты Куранга жараша кандай бөлүш керек, Ниса сүрөсү, 4/11-12…

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети