ФАТВА
Намаз окуган адам адеп-ахлактуу болуш керек!

Намаз окуган адам адеп-ахлактуу болуш керек!

Намаз окуган адам адеп-ахлактуу болуш керек!

Суроо: Мен азыр 2-турмушум менен жашайм, күйөөмдүн бир адаты бар, менин 1-жолдошумду, досторунан сураттырып, баарын билиптир, азыр эми одноклассниктен сүрөттөрүн, эжесинин, ата-энесинин, эски күйөөмдүн, аялынын сүрөттөрүн таап, мага жөнөтө берет, эмне максат менен жөнөтөт түшүнө албай жатам! Турмушта мүдүрүлбөс туяк, жанылбас жаак болбойт, мен жыргаганыман ажырашкан эмесмин да, ушунчалык көнүлүмү оорута турган жийиркенич, сөздөрдү сүйлөйт. Мисалы; званок кылганда албай калсан, кимдин койнунда жатасын? Жүрө бер сүйгөнүн менен эзилишип ж.б. Эриме эмне дешти да билбей жатам, намаз окуган адам! Кенеш бериниздерчи.

Жооп: Сизден кечирим сураймын, бирок эринизде тарбия жагынан кемчилик бар. Эркек, аялына каршы даима адеп-ахлактуу аракет кылышы керек. Бул сөз менен да аракет менен да болот.

Сиз бизден кенеш сурап жатасынар. Ойумузча, эриниз жөнүндө психиатр менен сүйлөшүш керек. Бул тамаша эмес. Керек болсо алпарып көрсөтүш керек. Чыӊдыгында бул чоӊ проблема. Балким психиатр сизге, ишинин адиси болгон үчүн, керектүү жардамды берет.

Аллах мындай дейт:

«Cага берилген бул Китептен (түшүнүп) окуп бер, намаз да оку. Анткени намаз бузукулуктан жана күнөөдөн тыйат. Жана Аллахы эскерүү (зикир) абдан маанилуу (чоң). Аллах, силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат» (Анкебут 29/45).

Сиз айттыныз: «Эриме эмне дешти да билбей жатам, намаз окуган адам!». Намаз окуган кишинин сөздөрү жана аракеттери намаз окуган кишиге ылайыктуу болушу керек. Эгерде андай эмес болсо, анда кишиде адеп-ахлак проблемасы бар. Намаз ошол проблеманы чече албады. Демек намаз окуган киши намазга өзүнү берген жок.

 Аллах бул кишилер жөнүндө мындай дейт:

«Динди жалганга чыгарганды сен көрдүңбү? Дал ошол жетимдерди кууган, жана да ал жардыларга тамак берүүгө үндөбөгөн (үгүттөбөгөн) неме. Ланат (болсун) намаз окуучуларга. Анткени алар намаздарыны ойунчак кылган. (Анан да) алар (намаздарын) эл көрсүнгө жасашат, жана да алар үй шаймандарын (башкаларга) бербегендер» (Маун 107/1-7).

Теги: намаз окуган адам, адеп-ахлактуу болот, тарбия, турумуш, үй-бүлөө, аял-эркек мамилеси, намаз бузукулуктан, күнөөдөн тыйат, Анкебут 29/45, Маун 107/1-7.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети