ФАТВА
«Исламдан башка динди издебегиле» сөздү кандай түшүнүшүбүз керек?

«Исламдан башка динди издебегиле» сөздү кандай түшүнүшүбүз керек?

«Исламдан башка динди издебегиле» сөздү кандай түшүнүшүбүз керек?

Суроо: «Исламдан башка динди издебегиле» сөздү кандай түшүнүшүбүз керек? 

Жооп: Аллах Али-Имран сүрөсүнүн 85-чи аятында мындай дейт:

«Кимде исламдан башка дин издесе, анын (тапкан же тутунган) дини кабыл кылынбайт жана ал акиретте зыйанга учуроочулардан болот» (Али-Имран 3/85).

Мусулмандардын чөйрөсүндө бир салт болуп калган ишеним бар. Бул, ислам дини келгенден кийин башка диндердин жоголуп кеткенин ишеними. Бирок андай эмес. Аллах Куранды жөнөткөндөн кийин эч бир аятта, башка китептери, же диндерди жок кылдым, деген жок.

Ислам – бул Аллахтын жөнөткөн китептери жана бүт баарында бирдей болгон дин системасынын орточо аты! Адам алейхиссаламдан баштап, акыркы болуп, Мухаммед алейхиссаламга чейин келген, бүт наби жана расулдар, бир болгон Аллах ишенимине жана жолуна элдерди чакырган. Ошондуктан, мусулман – бул бир болгон Аллахга, акирет күнүнө, китептерге, периштелерге, элчилерге ишенген киши болуп эсептелет. Ким булардан бирөөсүнө ишенбесе, ал мусулман эсептелбейт. Айтылгандарга ишенген жана Аллах жолунда болгон Китеп ээлери де, Куранда мусулман эсептелет. Аллах мындай дейт:

«Китеп ээлеринин баары бирдей эмес. Алардын түн мезгилинде тике туруп, Аллахын айаттарын окуп, сежде кылуучу бир тайпасы бар. Алар Аллаха, акырет күнүнө ишенишип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосуп, жакшылык иштерде атаандашат. Алар – жакшылардан. Алар кандай жакшылык кылышпасын (Аллах тарабынан) унутулуп калбайт. Аллах – такыбаларды Билүүчү!» (Али-Имран 3/113-115).

Ислам – бул Аллаха шексиз баш ийю. Ким ошундай болсо – ал киши мусулман болот. Мындай инсандар Адам алейхиссаламдан баштап акиретке чейин болот.

Эгерде Аллах, Куран келгенден кийин башка китептерди жокко чыгарган болсо, токтотсо, анда эмнеге мындай айтты:

«Ал Нухга эмнени осуйат кылган болсо, ошону да сага вахий кылган! Ибрахим, Муса жана Исага осуйат кылган динди силерге жол кылып берди. «Диниӊерди тургузгула жана ал тууралуу талашып, тартышпагыла! Мушриктер үчүн сен чакырып жаткан нерсе өтө оор. Аллах кимди кааласа, Өзү аны тандап алат. Жана ким кайрылса. өзүнө карай багыттайт» (Шуура 42/13) (жана Ниса 4/163, Энам 6/84-89).

«Биз Аллахга жана бизге түшүрүлгөнгө, Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Йакупка жана алардын урпактарына түшүрүлгөнгө, Мусага, Исага жана бардык элчилерге, Эгебизден белек кылынганга ыйман келтиребиз. Биз аларды бирин артык, бирин кем көрбөйбүз. Ага (Аллахга) гана өзүбүздү тапшыруучуларданбыз», – деп айткыла» (Али-Имран 3/84).

Билесинер, Куранда китептерге ишеним деген буйрук бар. Эгерде Аллах, Куран келгенден кийин башка китептерди жокко чыгарган болсо, анда эмнеге китептерге ишеним буйругу бар? Жана эмнеге бул аяттар Куранда бар:

«Эгер алар Тооратты жана Инжилди жана Алладан түшкөнү (Куранды) аткарышканда, анда ар тарабынан ырыскыга бөлөнүшөөр эле. Алардын арасында адилеттүү-каниеттүүлөрү да бар. Анткен менен алардын көпчүлүгүнүн жасаган иши – жаман» (Маида 5/66).

«Эй, китеп ээлери! Инжил, Тооратты жана Эгеңер тараптан түшүрүлгөндү (Куранды) толук  аткарганга чейин, силердин эч нерсеңер (тайанар колдоочуңар) жок». Андыктан сага түшүрүлгөн Китеп алардын көбүнүн адашуусун, каапырлыгын арттырат. Каапыр коом үчүн (айап) кайгы тартпа» (Маида 5/68).

Демек Аллах, мурун түшүргөн эч бир китепти токтоткон эмес. Анда, Али-Имран сүрөсүндө 19-чу аятында өткөн тезис «Чындыгында, Алланын алдында кабыл болуучу дин бул – Ислам!», бул вахий жолунун жана ислам динин бир болгонуну көрсөткөн далил: «Ал Нухга эмнени осуйат кылган болсо, ошону да сага вахий кылган! Ибрахим, Муса жана Исага осуйат кылган динди силерге жол кылып берди»…

Ошондуктан, «Кимде исламдан башка дин издесе, анын (тапкан же тутунган) дини кабыл кылынбайт жана ал акиретте зыйанга учуроочулардан болот» сөзү, Али-Имран 3/84-тү окугандан кийин түшүнүктүү болот. Аллах мындай дейт:

«(Эй, Мухаммед!) Андыктан чакыр жана сага буйрулгандай туруктуу бол. Алардын каалоолорунун артынан ээрчибе жана: «Мен Аллахтын түшүргөн Китепке ишенемин. Мен силердин араӊарда адилеттүү болууга буйрулганмын. Алла биздин да Эгебиз, силердин да Эгеёер. Бизге – өзүбүздүн жасаган иштер, силерге – өзүӊөрдүн жасаган иштер таандык. Силердин жана биздин ортобузда талаш-тартыш кылууга себеп жок. Аллах бизди жыйнап алат жана кайтуу Ага» – деп айт» (Шуура 42/15).

«Биз сага Китепти Чындык менен андан мурдагы китептерди тастыктоочу,  аларга күбө болуучу катарында түшүрдүк. Алардын ортолорунда Аллахтын сага түшүргөнү менен өкүм кыл. Өзүңө келген Чындыктан ажырап, алардын тилине кирбе. Силердин ар бириңер үчүн бир жол-жобо (жазып) койдук. Эгер Аллах кааласа баарыңарды бирдей коом кылып коймок. Бирок жиберилген жол-жоболор аркылуу силерди сынамакчы. Жакшылык иштерде жарышкыла. Бараар жериңер – Аллахын алды. Ал силердин талашкан нерсеңерден кабар берет» (Маида 5/48).

Теги: исламдан башка динди издебегиле, аят, Куран, ислам дини, акирет, китептер, элчилер, периштелер, Куран тастыктоочу, Ал Нухга эмнени осуйат кылган болсо, ошону да сага вахий кылган, Ибрахим, Муса жана Исага осуйат кылган динди, силерге жол кылып берди.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети