ФАТВА

Аял кандай талак берет? Ифтида деген эмне?

Аял кандай талак берет? Ифтида деген эмне?

Вопрос: Ассалам алейкум, сизге берейин деген суроом. Мен 2015 турмушка чыкканым, анан жакшы жашай албадык, эки айдан кийин жашабай калдык. Россия шарында элек. Арадан эки жыл ѳтγγ анан башка жигитке турмушка чыга турган болуп калдым, анан жообум сурайын деп, кγйѳмдγ кѳп издедим бирок таппадым. Анан кеебирдер айтышты, γч айдан кийин ѳзγ талак тγшγп калат. Анан биз γйлѳндγк 2017 жылы. Азыркы кγндѳ бактылуу жашайбыз. Эки балабыз бар. Ушул жѳнγндѳ тγшγндγрγп берсениз, биз тура кылдыкпы?

Ответ: Нике – бул эркек жана аялдын γй-бγлѳ куруп жашагандары. Жакын-тугандар бул никеге күбө болот. Башкача айтканда – никеде күбөлөр шарт. Ал эми ажырашуда эркек аялындан ажырашам десе, анда талакты күбөлөрдγн алдында дагы бериши керек. Ошондой эле мехир аялында калат. Эркек ѳзγнѳ алса, Аллахтын буйругуна каршы келет.

Бирок, эгерде эркек бир себептен аялына талак берген болбосо, жана аялы ажырашам десе, анда аялы ѳзγ ажырашканын билдирет жана ѳз укугунда болгон ифтиданы колдонот.

Талак – эркектин ажырашу укугу, бирок ифтида – аялдын ажырашу укугу. Элдер айткан: «кγйѳн менен жашап жатпасан, анда ажырашу ѳзγнѳн болот» деген соз туура эмес. Акыкий ажырашу же талактан кийин болот, же ифтидадан кийин. Бирок экѳсγдѳ күбөлөргѳ билдирγдѳн кийин болот. Куранда булардын эрежелери жазылган. Ошондуктан эн туура ажырашуу – бул сѳзсγз Курандагы буйруктар менен болгон ажырашуу.  

Эгерде аялдын кγйѳсγ талак бербестен бир жака кеткен болсо, ошондон кийин айлар ѳтγп аял ѳзγ ифтида кылса, ажырашу эсептелет. Бирок бул эрежелерди кѳп мусулман аял жана эркек билишпейт. Динивизде билгенге чейин, билбеген нерселерден аял жана эркектер жооптуу эмес.

Мисалы, сиз ифтида кылбастан башка эркек менен γйлѳндγнѳр, балалуу болуп калдынар, эми кылынатурган бир иш жок. Аллах бактылуу кылсын деп айтабыз. Жана никенизди ЗАГСта официалду кылып берин.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети