ФАТВА
Аллах момундарга чочконун этини арам кылды!

Аллах момундарга чочконун этини арам кылды!

Аллах момундарга чочконун этини арам кылды!

Суроо: Куран өткөн китептери тасдык кылватат. Ал эми чочконун эти бир гана мусулмандарга арам бы, же яхуди жана христиандарга да ошундайбы? Куранды билебиз, бирок Библияда бул жөндө эмне айтылат?

Жооп: Аллах, өзүнө ишенген бүт мусулмандарга чочконун этини арам кылды. Бул Аллахтын буйругу. Ким аны бузган болсо, ал киши Аллахка каршы келип жатат. Бирок Аллах, зарыл болгон учурда, өлбөш үчүн, аз эле жегенге уруксат берген. Бул буйрук ушул аяттарда өтүп жатат:

«Ал силерге өлүктүн этин, канды, чочконун этин, Аллахын ысмы аталбастан союлган малдардын этин жешти арам кылды. Ким бузуку болбогон, чектен ашпаган абалда аргасыз болсо, анда – ал күнөө болбойт.  Анткени Аллах – Кечиримдүү, Боорукер» (Бакара 2/173) (жана Маида 5/3).

Чочконун эти жеке эле Ислам дининде эмес башка диндерде дагы арам болуп саналат. Мисалы, Тоораттын Тасния бөлүмүндө эти арам болгон айбандар жөнүндө мындай деп айтылат: «… жана чочконун эти, анткени ал ача туяктуу, бирок кепшебейт. Ал силерге арам. Булардын этин жебейсиңер жана өлүгүнө кол тийгизбейсиңер» (Тасния, 14:8) (жана Левиттер, 11:7-8) (жана Матайдан, 8:30-33; от Марктан, 5:11-13; от Лукадан, 8:31-33).

Библияга, көрсөтүлгөн жерлерге карасанар, керектүү информация аласынар…

Демек чочконун эти иудаизмда, христиандыкта жана исламда арам болсо, анда бул Аллахтын буйругуну баарында бирдей болгонун көрсөтөт. Ал эми бир болгон буйрук – бир болгон динди, башкача айтканда исламды көрсөтөт. Анткени бүт диндердин мазмуну ислам болот! Ар бир Наби жана Расуль Аллахтын динине, исламга, тууралыкка, бир болгон Аллахга сыйынууга чакырган. Бирок инсандар кийин өз диндерини өзгөрткөн. Ошондуктан бугүн көп келишпестиктер болуп чыгватат. Булардын негизги проблемасы жамааттардын пайда болушу, жана ар бир жамааттын өз жолуна тартканы эсептелет. Бул проблемадан чечилбесе, туура дин жана Куран чындыктарыны инсандарга айтыш жана түшүндүрүш кыйын болот…

Теги: Аллах момундарга чочконун этини арам кылды, арам нерселер, христиандар, яхудилер, Куранда чочконун эти арам, Библияда чочконун эти арам.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети