ФАТВА
Үч талак туурабы, кандай берилет?

Үч талак туурабы, кандай берилет?

Үч талак туурабы, кандай берилет?

Суроо: Аялыма ачуу үстүндө үч талак деп үч жолу же бир жолу айттым, өзүм да кандай айтканымды билбей калдым, айтканыма өкүнөм, эки балабыз бар, кайрадан нике кыйдырып, Кудайыма тооба кылып, жашай берсек кечирилеби, балдарыбызга зыяны тийбейби? Кудайым кечиримдүү, тооба кылсан албетте кечирет дейтго. Мүмкүн жашообузду Кудайым өзү адалдап коёр, сиз буга кандай карайсыз?

Жооп: Сизге сүйүнчү! Ошол бирге берилген үч талак – сахих эмес. Ажырашу ошондой болбойт. Сиз аялыныз менен ажырашкан жоксуӊар. Ортоӊордо нике бар, сиздин никениз бузулган жок, Кудай деп жашай бергиле.

Эркек аялына, мин талак берген болсо да, дагы нике бузулбайт. Анткени шариатыбызда ошондой талак жок. Жана ачууланган убакытта эч качан талак берилбейт.

Талак качан жана кандай берилет?

Кандай биринчи жолу үйлөнгөндө, күбөлөр алдында: «Мен паланча кызды аялга кабыл алдым», деген сыйактуу. Талак да ошондой, күбөлөр алдында: «Мен аялыма талак бердим», айткандан кийин сахих болот. Талакты акылдуулук менен, эстүүлүк менен айтып бериш керек. Ал эми күбөлөр, берилген бул талакка күбөө болгондон кийин ажырашуу туура болот. Мындай ажырашуу, Куранга жараша ажырашуу. Башка талактар сахих эмес.

Теги: үч талак туурабы, кандай берилет, мен паланча кызды аялга кабыл алдым, мен аялыма талак бердим, талакты бетке айтыш керек, ачууланган убакытта талак берилбейт.

2 комментария

Новые материалы

Наши социальные сети