ФАТВА
Күйөсү Россияда иштеген аялдын окуясы! 

Күйөсү Россияда иштеген аялдын окуясы! 

Күйөсү Россияда иштеген аялдын окуясы! 

Суроо: Меним эрим Россияда иштейт. Мен Кыргызстандамын. Мага айда бир жолу акча жөнөтөт, бирок ошол акча мага жана балдарывызга жетпей жатат. Эмнеге аз акча жөнөттүм айткан болсом, мен менен урушат. Мага акчаны чогултуп жүргөнүн айтып жатат. Телефондо сүйлөгөндө даима урушватабыз. Күйөм менден наразы болватат. Анан, күйөсү аялынан наразы болсо, аялы бейишке киреалбайт, дейт. Мен ойлоном, ал башка бир аял менен жашап турат. Акчаны да бир гана балага жеткен катары жөнөтват. Мен эмне кылайым, жардам беринизчи? 

Жооп: Эгерде сиздин наразычылыктарынызды эсептеген болсок, анда бейишке сиз эмес, күйөнүз кирбейт окшойт. Күйөнүз, сахих болбогон хадиске тайянып жатат. Ал хадисте мындай деп айтылат: «Эгерде эркек өз аялынан наразы болсо, анда ошол аял бейишке киреалбайт». Аял, күйөсүнү даима ыразы кылат деп, аялда ошондой милдет жок. Бирок Аллах эркекти, аялга даима жакшы мамеле кылганга буйрук берип жатат. Аллах мындай дейт:

«…Аялдарыныз менен жакшы, туура мамиледе болгула…» (Ниса 4/19).  

Ар бир инсандын башка инсанда укугу бар. Эркектин өз аялында кандай укугу болсо, аялдын да өз эринде укугу бар. Аллах мындай дейт:

«…Эркектердин аялдарында акылары болгон сыяктуу эле, аялдардын да күйөөлөрүндө белгилүү акылары бар. Аялдарга караганда эркектердин даражасы артыгыраак. Аллах – Мартабалуу, Даанышман» (Бакара 2/228).

Аялынызды ыйлатууга чейин алып баруу, бул көп эркектердин туура эмес аракети. Балким эркек туура эмес (сахих) болбогон хадис менен сизди коркутуп жатат. Үй-бүлөдөгү наразычылыктарды, эркек болсун, аял болсун, бул дүйнөдө, бул жашоодо чечиш керек.

Ал эми күйөнүздүн башка аялы бар деген маселе, бул ачыктан билинбейт. Ошондуктан мындай ой-пикирдер туура эмес. Так билмейинче, күйөнүзгө, сен башка аялга баратасын, айталбайсынар.

Аллах Куранда эркектерге, аялдарына каршы бир жүк (милдет) жүктөгөн. Бул материалду жана руханий жактан үй-бүлөнү колдой турган бир милдет. Ошондуктан Аллах эркекти аялдардын көзөмөлчүсү кылып берди. Аллах мындай дейт:

«Аллах кээ бирин кээ биринен артык кылгандыгы жана өз малдарынан аларга (аялдарга) сарпташкандыктары себептүү эркектер аялдардын кожойуну. Аллаха мойун сунуучу – ал, күйөөлөрүнө  баш ийүүчү, Аллахын сактоосу менен күйөөлөрү жокто абийирлерин сактоочу айалдар. Силерге баш ийбей койуудан корккон аялдарыңарга адегенде насаат айткыла! Алардын төшөгүн бөлүп койгула! Ургула! Эгер алар силергө мойун сунуп оңолушса, анда аларга каршы жол издебегиле! Акыйкатта, Аллах Өтө Бийик, Улук!» (Ниса 4/34).

Күйөнүз менен урушпайын, сабыр кылын. Балким ал чыӊдыгында акча тапканда кыйналып жатат. Аллаха дуа кылып эринизди сабыр менен күтүн. Чет өлкөдө жашоо жана иш издөө женил эмес. Ал жакта жакын туугандар жок, башка жер, башка инсандар, башка мамеле. Эркектердин абалы оор, алардыда түшүнүш керек. Келгенде эриниз менен жакшынакей сүйлөшүн, ортонордо суроолор калбасын.

Аллах экөөнөрдүн ортосуна жакшылык, ыйман, сүйү, махабат берсин.

Теги: күйөсү Россияда иштеген аялдын окуясы, эгерде эркек өз аялынан наразы болсо, анда ошол аял бейишке киреалбайт, Аллах экөөнүздүн ортонузда жакшылык, ыйман, сүйү берсин.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети