ФАТВА
Зына кылган кишилер кимдер менен үйлөнүшү керек?

Зына кылган кишилер кимдер менен үйлөнүшү керек?

Зына кылган кишилер кимдер менен үйлөнүшү керек?

Суроо: Кечиресиз, бирок меним абалым абдан жаман. Анткени, биз колукту-күйөө болдук, сөз байлаштык. Бирок, жакында мен, үйлөнөтурган баланын башка кыздарга бырып турганыны үйрөндүм. Ал бала, ортовузда сөз байланышы болгон кезде, башка кыздарга барып зына кылып жатат. Зына кылганына мен жүз паиз ишенем. Бул учурда эмне кылышым керек? Никеден мурун мен ошол балага жок десем жана ортовуздагы сөздү бузсам болобу?

Жооп: Биринчиден, сизге ошол баланын зына кылганын кабары кайсыл жактан, жана кимдер тарыпынан келгенине караш керек. Балким андай эмес. Баланын кабары жок, ал эми сиз же башкалары анын аркасынан зына кылып жатат, сөз чыгарып жатасынар.

Экинчиден, балким сизди бирөөлөр ажыратканга нийет кылган. Бул жагыныда издеп жүрүн. 

Бул жөндө Аллах мындай дейт: «Эй, ыймандуулар! Эгер силерге бир бузуку (адам) кабар алып келсе, кайсыл бир коомго байкабастык кылып, кийин өкүнүп калбаш үчүн оболу аныктагыла!» (Хужурат 49/6).

Эгерде айтканыныз туура болсо, анда сизге маселенизди чечим үчүн бул аят жетет. Аллах мындай дейт:

«Аягы суюк эркек – аягы суюк аял менен, же болбосо мушрик аял менен үйлөнүшү керек. Аягы суюк аял да, – аягы суюк эркек, же болбосо мушрик эркек менен үйлөнүшү керек. Бул момундарга арам кылынды» (Нур 24/3). 

Теги: зына кылган кишилер, кимдер менен үйлөнүшү керек, үйлөнүшү арам болгон кишилер, ажыратканга нийет кылган, аягы суюк эркек, аягы суюк аял, Нур 24/3, Хужурат 49/6.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети