ФАТВА
Меним аялым зына кылды, эмне кылышым керек?

Меним аялым зына кылды, эмне кылышым керек?

Меним аялым зына кылды, эмне кылышым керек?

Суроо: Жубайымдын зына кылганын, 2 жыл дегенде угуп өзү да кечирим сурап тоба кылып айтып берди. Эми кандай кылсам болот, ортодо эки балабыз бар, ошол нерсени унута албай жатам? Жаман кабар уккандан кийин зына ишине арак ичүүнү токтотуп, намаз окуп баштадым. Мага жардам бериниздерчи канткенде унутам.

Жооп: Эгерде аялыныз тооба кылдым деген болсо анаӊ сизден кечирим сураган болсо, кийин сиз да кечирген болсоӊор, анда Аллах да аӊы кечирди демек.

Кечиргенден кийин, аялыныздын кылган бул жаман иш, эсинизге келиши мүмкүн. Бул табиий нерсе. Эгерде эсинизге келбесе, анда абалынызда бир проблема бар демек. Динде, бул эсинизге ар-даим келген нерсеге «шайтандын васвасасы» деп айтылат.

Чыӊдыгында, шайтан ортонузга кирип сизге васваса берип турат. Шайтан, үй-бүлөөнүздү бузуш үчүн, аялыныздын кылган бул жаман ишини, даима сиздин эсинизге васваса катары салып берет. Бул нерсеге каршы сиз күчтүү болушунуз керек. Бул күч – ыйман күчү демек. Ыйманынызды Аллах жолунда бекем кылыныз. Бүт иштериниз Аллах үчүн болсун.

Бирок, иштеринизди жана амалдарынызды Аллах ыразычылыгы үчүн жасагандан кийин, мен шайтандан кутулдум девейиниз. Сизди шайтан таштабайт, анткени, бул анын иши. Шайтандын иши, момундарга васваса берип, аларды туура жолдон чыгаруу. Аллах үчүн намазга жыгылгын болсонор, анда шайтан сизди намаздан алыс тутуш үчүн колунан келген бүт нерсени кылат. Сиз ар-дайым даяр болушунуз керек. Аллахты дайыма эстеп жүрүӊүз, анткени, шайтан – Аллахты эстегендерден коркот…

«Эй, момундар! Хамр (акыл-эсти өчүргөн бүт нерселер), кумар, (сыйынуу үчүн) кадалган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар. Чындыгында, шайтан хамр менен, кумар менен ортолоруңарга душмандык, же кек салып, Аллахы эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт. Ошондой болсо да тыйылбайсыңарбы?!» (Маида 5/90-91).

Теги: меним аялым зына кылды, эмне кылышым керек, зына, чыкканчылык, тооба, Аллах кечиримдүү, ырайымдуу жана мээримдүү.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети