ФАТВА
Москвада турмуш курганбыз…

Москвада турмуш курганбыз…

Москвада турмуш курганбыз

Суроо: Мен жөлдошум менен баш кошконума 3 жыл болоюн деп калды. Москвада турмуш курганбыз, күбөөлөрүбүз менен, бирок каттоодон өткөн эмеспиз. Жолдошум менен таанышканымда аялым менен ажырашканмын, 3 балам бар деген, менин да экинчи турмушум. Ишенгенмин ажырашканына, себеби менин алдымда 1-аялы менен жазышканын, сүйлөшкөнүн көрбөйт элем, ушунча убакыт аралыгында. Ара жолдо калдым. Менин ата-энем, бир туугандарым билет, турмуш курганыбызды. Жолдошум жашабайм, анын бараар жери жок, ошого эшигимде жүрөт дейт аялын. Мен ажыраш дебейм, себеби үч баланын апасы, кайра эшигинде жүрсө жашай турган ниети бар экен. Жаша десем, жок дейт!

Мен ыраазы эмесмин, өзүмчө бир семьяны бузгандай күнөөлү сезем өзүмү. Жообуму бер десем, жок дейт. Сен менен жашайм!

Менин ата-энемдин алдынан өт, жүзүмү ач десем, убакыт сааты келгенде дейт. Үч жыл болоюн деп калды. Дагы деле өтө элек. Же жообуму бербейт! Ара жолдо калдым! Айта кетсениз, же эки аялынын жүзүн ачып, ата-энемин алдынан өтпөш керекпи? Кенеш беринизчи. Аллахым ыраазы болсун сизден.

Жооп: Түшүнүктү. Сиздин проблеманыз көп аялдын башынан келген проблема. Аллахын изни менен чечилет.

Чындыгында, бул проблема, жубайыныз тарапынан сиздин официалдуу үй-бүлөө болгонунузду, каттоодон өткөзгөндөн кийин чечилет. Колунузда расмий күбөлүк болуш керек. Эгерде мамелениз ЗАГСтан өтпөсө, анда сиздин ахвалыныз, күйөнүздүн биринчи аялына окшош болот. Балким андан да жаман болушу мүмкүн.

Азыркы учурда эркектер үйлөнгөн экинчи же үчүнчү аялына эч бир гарантия бере албайт. Анткени, биринчи аял расмий болсо, калгандар молдо никеси менен жашайт. Жубайлар ортосунда проблема чыкканда, молдо никеси менен жашаган биринчи же экинчи аялдын эч бир укугу жок. Эркек каалагандай таштай берет аялды. Ошондуктан, үйлөнгөндө каттодон өтүш керек, анда аялдын да укугу болот. Балалу болсо, бошойгондо эркек алименттерди төлөйт…

Бул жерде, сиз биринчиден, жубайдын ата-энесине, мен сиздин келининиз болом деп билдирин. Анан кийин абалга карап, экинчи кадамынызды басасыз. Биргелигинизди расмий кыласыз. Эгерде күйөнүз кабыл албаса, анда сизге нике кыйган молдого барып, болгонун толук айтып бересиз. Ошол молдо сиздин жубайыныз менен сүйлөшсүн.

Аятта өткөн «үйлөндүргүлө» сөзү жана буйругу, бул түзмө-түз ата-энеге же камкорчу (опекун деген) кишиге далил болот. Башка аятта Аллах мындай дейт:

«А эгер силердин араңардан кимдир бирөө эркин, абийири таза, ыймандуу айалдарга үйлөнүүгө алыңар жетпесе, анда момун айалдардын арасынан күңдөргө үйлөнө берсеңер болот. Бирок, момун кыз-келиндер болсун. Акыйкатта, Аллах силердин ыйманыңарды билип турат. Бири-бириңерге никеде барабарсыңар. Аларга кожойунунун уруксаты менен татыктуу калың берип үйлөнө бергиле. Алар айагы суйук, же бир жашыруун ойнош күтүүчү болбой, силердин (андай) күнөө иштерге барбаган, абийири таза айалыңар болсун! Эгер алар ойноштук кылса, анда алардын жазасы – эркин айалдын жазасынын жарымына барабар болот. А эгер сабырдуу болсоңор, өзүңөр үчүн жакшы. Акыйкатта Аллах Кечирүүчү, Боорукер!» (Ниса 4/25).

Мына, аятта өткөн «аларга кожойунунун уруксаты менен татыктуу калың берип үйлөнө бергиле» деген сөз, үйлөнбөстөн мурун ата-энелер же камкорчу кишилер бойдоктордун ким менен үйлөнгөнүнү билиши керек. Бул Курандын эрежеси көп жамандыктардан жана керексиз болгон проблемалардан эркекти да, кызды да, алардын үй-бүлөөлөрүнү да сактайт.

Айрыкча, ата-эненин уруксаты менен үйлөөнүү бул аларга көрсөтүлгөн сый-урмат эсептелет. Кыскача, ата-энеден жашырын (астыртан) үйлөөнүү бул дурус эмес…

Аллахын жардамы болсун!

Теги: Москвада турмуш курганбыз, ата-эне билбейт, жубайлардын ата-энеси, келинин, молдо никеси, үйлөнгөндө каттодон өтүш керек, талак.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети