ФАТВА
«Акыйкатта, намаз момундарга белгилүү убакытка бекитилди»

«Акыйкатта, намаз момундарга белгилүү убакытка бекитилди»

«Акыйкатта, намаз момундарга белгилүү убакытка бекитилди»

Суроо: Менде намазды казага калтыруу жөнүндө бир суроо бар. Намаздар өз убагынан чыккандан кийн окуулбайт дегенини үйрөндүм. Аллаха шүкүр эми намаздарды казага калтырбайла окууп жатам. Бирок кээде эртен мененки намазга тууралбай калам. Ошол намазды аткарыш керекби? 

Жооп: Аллах Куранда момундарга намаздарды өз убактында аткарылышты парз кылды. Алэми убактысы өткөн парз намаздар кошумча (напиле) категориясына (даражасына) кирет, анткени алардын парз убактысы өтүп кетти. Аллах Куранда мындай деп айтат: «…Акыйкатта, намаз момундарга белгилүү убакытка бекитилди» (Ниса 4/103).  

Бир жолу Пайгамбарывыз эртен мененки намазды калтырган экен. Бирок атайын кылган эмес албетте. Анткени Расулуллах намаз убакыттарына абдан бекем болгон. Ошондуктан Куранды жашаган Пайгамбарывыз инсандарга эскерткен: «Эн жакшы амал – бул өз убагында аткарылган намаз»… 

Ошол атайын калтырбаган намазды Пайгамбарывыз ойгонуудан кийн тез эле аткарды. Бирок ошол намазды аткарганда анын ниетини каза намаз деп айткан эмес. Ал кечирилген намаздын ниетини өз убагында кылынган намаздын ниетине окшош кылган.

Айтылган сөздүн жыйынтыгы ушундай: Эгерде бил мусулман киши эртен мененки же ар-бир башка намазды кокустан ухтап же унутуп калып кечирген болсо, анда тургандан кийн тез эле бир гана парз намазды аткарса болот. Бирок ниети келтиргенде каза намазга ниет кылбаш керек. Анткени каза намаз деген нерсе мусулман кишилердин жашоосунда болбойт. Мусулман киши казага намаздарды калтырбаган киши эсептелет. Себеби, «Акыйкатта, намаз момундарга белгилүү убакытка бекитилди».

 

Теги: акыйкатта, намаз момундарга белгилүү убакытка бекитилди, каза намаз, намазды кокустан ухтап же унутуп калып кечирген, Ниса 4/103…

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети