ФАТВА
«Кахри кул» дуасы эмнеден окулат?

«Кахри кул» дуасы эмнеден окулат?

«Кахри кул» дуасы эмнеден окулат?

Суроо: «Кахри кул» деген бир дуа бар. Бул кандай сүрө же дуабы? Кара дуадан сактаныш үчүн окунса болобу?

Жооп: Бул «кахри кул» деген дуа эмне экендигини интернеттен какрап көрдүк. Ооба, мындай нерсе бар бирок, бул нерсе сүрө эмес, дуа экен. Бул «кахри кул» дуасы жөнүндө маалыматты интернеттен карасанар, жөӊ эле табасынар.

«Кахри кул» дуасы аркандай ниет менен окулат. Мисалы, таттуу нерселерге же жемиштерге 41 жолу окунса жана бир аялга берсенер, ошол аял жегенден кийин сизди сүйүп калат. Жети жолу окунса, жиндер келет экен. Кагазга жазган жана колунда кармаган, кишиге чөйрөдөкүлөр сый-урмат көрсөтөт. Кырк бир жолу окунса, душмандардын жамандыгынан сактайт. Эгерде кара койдун көздөрүнө бул дуа окунса жана ошол кой менен бирге жүрсөнөр, ошол киши көрүнбөй калат».

Бул мисалдарды атайын жаздык. Себеби, исламда мындай нерсе жок. Бул амалдар баары, шайтандын амалдары деп эсептелет. Куранда мындай нерсе жок, Расулуллах жашосунда дагы андай практика болгон эмес. Булар бизге кайяктан келди? Булар биздин акыйдавызды, туура жолувузду бузуш үчүн, йяхуди (еврей) жаша аларга окшош капырлардан келди. Бул нерселерден качыш керек. Расулуллахтан эч бир дуа, мынча жолу окунса, мындай мындай болот деп келген жок. Келген риваяттар сахих эмес, анткени Куран менен карама карши турат. Бул «кахры кул» дуасы да Расулуллахтан келген жок. Ошондуктан буларды кабыл алышывыз мүмкүн эмес.

Эгерде бир проблема, кыйынчылык бар болсо, анада Жалгыз болгон Аллахга өз жүрөктөн дуа менен кыйрылсанар жетет. Дуанызда эмнелерди кааласанар, ошолорду сурап койунуздар. Аллах насиб кылган болсо, Ал сизге сураганынызды сөзсүз берет. Жалгыз Аллахтан сурап койун. Сураганызда, ошого ылайыктуу же өзгөчө дайардалган дуалар жок. Тилектер, сиздин жүрөгүнүздөн чыгыш керек. Башкаларын сөзү менен дуа болбой. Бирок, жалгыз пайгамбардардын Куранда өткөн өз дуалары менен тилесенер болот…

Теги: кахри кул дуасы эмнеден окулат, дуа, аят, Куран, хадис, расуль, наби, дуанын күчү, дуанын таасири жана касиети.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети