ФАТВА
Боюнда болгон аял Рамазан орозосуну кармайбы?

Боюнда болгон аял Рамазан орозосуну кармайбы?

Боюнда болгон аял Рамазан орозосуну кармайбы? 

Суроо: Боюнда же эмчегинде болгон балалуу аял Рамазан орозосуну кармайбы? Эгерде кармаваса эмне кылышы керек?

Жооп: Айтылган абалда болгон аялдар Рамазанда орозо кармаваса болот. Бирок алар, уруксат берилген ооруп жаткан жана сапарга чыккан кишилер категориясына кирет. Ошондуктан, Рамазандан кийин, кармаваган күндөрдү же бүт айды санына жетсин деп (30 же 29 күн болсун деп), толук кармаш керек. 

Аллах мындай дейт:

«(Орозо) эсептелүү күндөрдө гана. Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса, же сапарга аттанса – анда ал күндөрдүн ордуна башка күндөрдө толуктап бериши керек. Орозо кармого күчү жете турган адамдар жакырдын тамагын төлөйт (фытр садакасы). Ким андан ашыкча жакшылык кылса – ал өзүнө жакшы. Эгер билсеңер орозо кармооңор силер үчүн жакшы» (Бакара 2/184). 

Теги: боюнда болгон аял Рамазан орозосуну кармайбы, Бакара 2/184.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети