ФАТВА
Ар бир расул – наби болобу?

Ар бир расул – наби болобу?

Ар бир расул – наби болобу?

Суроо: Юсуф сүрөсүндө периштелерге – расул сыпаты берилген экендигинен айтылат. Анда бизге келген бүт элчилер наби катары келип, анан расул сыпатыны алышат. Башкача айтканда, Аллах өз элчилерине наби жана расул сыпаттары берген. Анда булга карап: «бүт набилер – расул, жана бүт расулдар – наби» деп айтсак туура болобу?  

Жооп:  Ооба, ар бир наби – расул деген сөз туура. Бирок, ар бир расул – наби, бул туура эмес. Эгерде Куранга карасак, анда аяттарда, Нух коомуна Нухтан башка дагы көп элчи келгенин көрөбүз. 

Аятта мындай айтылат «Биз мурсалдарды жөнөттүк, жана Нух коому аларды кабыл албады»… Бирок Куранды окуган кишилер жакшы билет, Нух коомуна наби-расул катары бир гана Нух жиберилген. Анда сөз кылынган башка элчилер ким? Бул суроонун жообу мындай. Бул элчилер, сөзсүз Нухга ишенген жана анын китеби менен инсандарды динге чакырган кишилер болот. 

Анда бүт набилер – сөзсүз расул, бирок бүт расулдар – наби эмес! Жана Мухаммад алейхиссаламдан кийин башка наби келбейт, бирок расулдар болот. Бул расулдар – элчи катары эсептелет. Бул элчилердин милдети, Куранды инсандарга түшүрүү

Ошондуктан, Курнада өтүп жаткан ушунча аяттарда, Аллах элчилерине бир гана наби же расул айткан. Ал эми пайгамбар сөзү, түрк тилине фарсчадан кирген. Биз Куранды которгондо, аяттарда наби же расул өткөн жерлерде, жөӊ эле пайгамбар деп которсок, анда аяттын түшүнүгү такыр бузулат. 

Аят кыргызчага: «Нух коому келген пайгамбарларды жалганчы деп айткан», котормо кылынган. Кайра сураватам: Нух коомуна канча пайгамбар келген? Аларга бир гана Нух келген! Эми катаны көрүп жатасынар. Демек, аяттарда наби жана расул келимеси өткөндө, аны пайгамбар келимеси менен котормоо кылуу, бул такыр туура эмес эсептелет. Ошондуктан, аяттын туура котормосу мындай болот: «Нух коому келген элчилерди жалганчын деп айткан». Түрк тилинде, Куранда өткөн арапча расул сөзү – элчи деп которулушу керек. Анткени пайгамбар ирандыктардын колдонгон сөзү. Эгерде Курандын тили менен сүйлөгөн болсок, анда же наби, же расул келимесини колдонушубуз керек. 

Мисалычун, христиандардын Жаны Ахитте (Евангелияда) элчилердин бөлүмү бар, анын ысмы – амалюр-расуль (элчилердин иштери). Ошол бөлүмүнү окуп, Ясин сүрөсүнүн 13-чү аятындан кийинки аяттары менен салыштырын. Аяттарда өткөн элчилер, Иса алейхиссаламдын жиберген элчилеринден сөз болуп жатат. Балким ошол аяттар Библиядагы аяттар менен бираз айырмасы болушу мүмкүн, бирок мааниси охшойт. 

Теги: наби, расуль, амалюр-расуль, Куран, Евангелия, Библия, Куран аяттары, арапча расул, элчи, пайгамбар, Нух коому.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети