ФАТВА
Орозо – бул бүткүл инсандарга буйрук!

Орозо – бул бүткүл инсандарга буйрук!

Орозо – бул бүткүл инсандарга буйрук!

Суроо: Бугүнкү мусулмандардын кармаган Рамазан орозосу бүткүл инсандарга буйрук эсептелеби?

Жооп: Оба, эсептелет. Анткени Аллах аятта мындай дейт:

«Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буйрулду. Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн» (Бакара 2/183). 

Демек, аятта баардык инсандарга бирдей болгон орозо кандай парз болсо, биз мусулмандаргада ошундай парз болду.

Курандын буйруктары акыркы буйруктар. Булар кыяматка чейин өзгөрбөйт жана алмашпайт. Бул буйруктар кыяматка чейин созулат, жана буларды бүт мусулмандар сөзсүз аткарышы керек.

Курандагы бизге берилген орозонун башка үммөттөрүн орозосунан айырмасы, бул, бир гана Рамазан түндөрү эркектер аялдарынан, аялдарда эркектеринен пайдаланыштын мүмкүнчүлүгү экен. Бул биринчиден. 

Экинчиден, мурунку үммөттөрүн орозо убактысы 23 саат болгон. Шам намазы менен Куптан намазы ортосундагы бир саат убактысы ифтарга жана сухурга берилген. Эми Куранда Аллах мусулмандарга женилдик келтирди. Аятта мындай айтылат: 

«Силерге орозо түндөрүндө аялдарыңарга жакындоо адал кылынды. Алар силердин кийимиңер, силер алардын кийимисиңер. Алла силер өзүңөргө кыянаттык кылып жатканыңарды билип, тообоңорду кабыл кылып, кечирди. Эми аларга жакындай бергиле, Алла силерге насип кылган нерсени тилегиле. Ак жип менен кара жип даана таанылган таңга чейин  тамактана бергиле. Орозону кечке чейин кармагыла! Мечиттерде туруп калсаңар, олтурсаңар, алар(аялыңар) менен кошулбагыла!  Булар – Алланын чектери. Ага жакындабагыла! Алла Өз белгилерин ушундай баяндайт, балким алар такыба болушар» (Бакара 2/187). 

Теги: орозо, бул бүткүл инсандарга буйрук, рамазан орозосу, рамазанда ифтар, сухур, мусулмандын орозосу, Бакара 2/183, 187.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети