ФАТВА
Намазда аттахийят жана салаваттардын окуунушун максаты эмне?

Намазда аттахийят жана салаваттардын окуунушун максаты эмне?

Намазда аттахийят жана салаваттардын окуунушун максаты эмне?

Суроо: Эмнеге биз намазда аттахийят жана салаваттарды окууп жатабыз? Булардын мааниси эмне? Буларды намазда окуйушубуз ширк болобу? 

Жооп: Намаз – аят, дуа жана зикирлерден түзүлгөн бир ибадат. Аяттар аякта турганда (кыямда) окуулат. Зикирлер – рукуларда жана саждаларда окуулат. Дуа жана салаваттар намаздардын, саждадан кийин, отурулган убагында окуулат.

Куранда, аяттарда өткөн салават сөзүнүн мааниси – дуа. Ошондуктан намаздардын аягында окуулган аттахийят жана салаваттар – булар баары дуа ниети менен окуулат. 

Бул аттахийят жана салаваттарды намазда окуу, эч качан ширк эсептелбейт. Булар Расулуллахга кайрылуу эмес, булар Аллахын Элчисине Мухаммед жана Ибрагимге жасалган дуа. Алардын мааниси мындай: 

Аттахийят: «Мактоо, дуа жана бүт жакшы иштер бир гана Аллахга болот. Ей, Эльчи! Салам сага, Аллахын мееримдүүлүгү жана Анын жардамы. Аллахын ыхластуу пенделерине салам болсун. Мен, Аллахтан башка тенир болбогонуна убада берем. Мухаммад – Аллахын пендеси жана эльчиси болгонуна убада берем». 

Салаваттар: «О, Аллах! Мухаммад жана Мухаммадын үй-бүлөсүнө жардам бер, кандай Ибрагим жана Ибрагимдин үй-бүлөсүнө жардам бергенин. Чындыкта, Сен мактоого жана даӊктоого ылайыктуусун!».

«О, Аллах! Мухаммад жана Мухаммадын үй-бүлөсүнө барекет бер, кандай Ибрагим жана Ибрагимдин үй-бүлөсүнө барекет бергенин. Чындыкта, Сен мактоого жана даӊктоого ылайыктуусун!». 

Кайра кайталайлы. Аттахийят жана алаваттар, булар Аллахын Эльчисине кайрылуу эмес. Булар намазда дуа максаты менен окулуп жатат. Ошондуктан эч качан ширк эмес. Бул дуа биздин пайгамбарывызга, андан мурунку пайгамбарларга жана бүт Аллахын туура жолдо жүргөн пенделерине. Эгерде бул ширк болсо, анда эмнеге Куранда Ибрагим алейхиссалам өзүнө дуа кылды? 

Ибрагим Пайгамбардын Куранда абдан көп дуалары бар:

«Оо, Эгем! Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу кыл. Эгебиз! Тилегибизди кабыл кыла көр. Эгебиз! Мени, ата-энемди жана момундарды эсеп алына турган күндө кечир» (Ибрагим 14/40-41). 

Эми өзүнүз жооп берин. Ибрагим Пайгамбар бизге мындай дуа кылган болсо, анда эмнеге биз алга жана Мухаммадка мындай дуа кылаалбайбыз? 

Теги: намазда аттахийят жана салаваттардын окуунушун максаты эмне, салаваттар эмнеге окуулат, алардын максаты эмне, салаваттар дуа катары окуулат, Ибрагим 14/40-41.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети