Күйөөм Россияга иштегенге кетем деди
Вопрос: Күйөөм Россияга иштегенге кетем деди эле, барбайсын, кетсен жообумду бер деп каттуу талап кылдым, экөөбүз аябай уруштук. Биринчи бир талак жазып берди. Жок үч талак бересин деп, мажбурлап туруп алдым. Кредиттерибизди төлөйүм, көбөйүп атат деп кетип калды. Анан үч талак жазып берип ыйлап кетти. Аябай өкүнүп жатам, талак түштүбү? Жазган кагазын жыртып салыптыр. Сураныч, жооп берип коюнуздарчы.
Ответ: Талак — смс менен, телефон менен, телеграмма менен жана башка жолдору менен да болбойт. Сиздики талак эмес, жөӊ эле билбестен айтылган сөз. Билбестен айтылган сөз жана жасалган иш масулият ташыбайт (жоопкерчиликти келтирбейт). Ошондуктан сиздин ортоонордо нике бар, түшкөн эмес.
Бир аялды никеден чыгарганга керек болгон шарттар:
Талак – мас болгондо, урушканда, телефон жана СМС жолу менен берилбейт.
Талак – никеде болгондой, күбөлөр алдында берилет.
Талак – күбөлөр алдында берилгенден кийин, аял үч тазалык иддатыны күтүш керек.
Үч тазалык (менструация) иддаты (эринин үйюндө күтүү убактысы) бүткөндөн кийин, жыныстык мамеле болбосо, анда аял бош болот.
Бул ажырашуудан кийин ошол аял жана эркек кайра бирге болойлу деген болсо, анда таза нике кыйдырып, кайрадан үй-бүлөө болсолор мүмкүн.
Бул шарттар болбосо, анда ажырашуу болгон жок!
Талак кандай жана кайсыл шарттарда түшөт деген маселени берилген линктерден издесенер дагы болот:
http://www.fatva.net/?p=960, http://www.fatva.net/?p=1198, http://www.fatva.net/?p=962, http://www.fatva.net/?p=999…
Теги: күйөөм Россияга иштегенге кетем деди, ажырашуу, талак, мас болгондо, урушканда, телефондо, смс жолу менен, талак берилбейт.
Ассалому алейкум,куоом Россияда мен Кыргызстанда,урушуп калганда сен менен жашабайм болду жоопунду бердим деди телфондо ниет талак болгон ,андан кийин кайра жараштык телефондо 2кундон кийин,анан жана урушуп калганда анда жоопуму бер десем бердим деп айтты,бирок эртеси куни мен жон эле сени озуно келсин деп айткам ниетим талак болбогон деди,бирок кайра жараштык телефондон эле,эми мага канча талак тушкон ?сураныч жардам бергилер