ФАТВА
Аялдар айыз болгондо намаз окуйбу?

Аялдар айыз болгондо намаз окуйбу?

Аялдар айыз болгондо намаз окуйбу? 

Суроо: Шариатта аялдар айыз болгондо намаз окушбайт. Бул эреженин далили эмне? 

Жооп: Куранда даарат жөнүндө жана аны бузатурган нерселерди Аллах ачык ачык айтып берди. Дааратты бузатурган шарттардын ичинде айыз каны дааратты бузат деп, анан даарат алгыла деген эреже да жок. Дааратты аркандай кан бузат деген шартта жок ошол аятта. Бул аяттан башка, Куранда даарат менен алектелген аят Ниса 4/43. Аллах мындай дейт:

«Эй, момундар! Намазга турган кезде жүзүңөрдү жана колуңарды чыканактарына чейин жуугула. Башыңарды жана бутуңарды томуктарына чейин сылагыла. Эгерде булганыч болуп калсаңар, толук тазалангыла. Эгерде оору, же сапарда болсоңор, силердин бирөөңөр дааратканадан чыгып, же айалына жакындап, бирок суу таба албасаңар таза топурак менен таямум кылгыла. Аны менен бети-колуңарды сыйпагыла. Анткени, Аллах силерге кыйынчылыкты каалабайт. Силерди тазартууну, ошондой эле шүгүр кылууңар үчүн Өз жакшылыктарынын толук болуусун каалайт» (Маида 5/6).

Бирок шариатывызга аятта эреже катары өтпөгөн нерселер кайяктан кирди?

Бул суроого Аз. Айшанын жообу менен жооп берейли:

«Муаза атында бир аял Айшадан сурады: «Эмнеге аял айыз күндөрү орозо кармайт, бирок намаз окубайт?». Бул суроого Айша мындай деп айтты: «Сен Харуриесинби?». Анда Муаза айтты: «Жок, мен Харурие эмесмин. Бирок бул меним суроом». Анда Айша мындай айтты: «Аялдардын айыз күндөрү башталганда, бизге орозо кармайсынар, бирок намаз окувайсынар деп жазылган» (карагыла: Муслим. Айыз, 67).

Башка аятта айыз жөнүндө мындай айтылат:

«Сенден айыз (этек кир) жөнүндө сурашат. Айткын: «Ал – жагымсыз нерсе». Этек кири келген убагында аялдардан оолак болуп тургула. Алар таза болгонго чейин  аларга жакындабагыла. Эгер алар тазаланышса, аларга Аллах силерди буйруган жагынан келгиле. Чындыгында, Аллах тооба кылуучуларды жана тазалануучуларды жакшы көрөт» (Бакара 2/222).

Аятка карасак, бул жерде айыз бир тазалануу деген нерсе. Аялдардын физиологиялык жактан тазалануу жөнүндө сөз болуп жатат. Бул тазалык убагында эркектер аялдарына тийбесин, жакындабасын, анткени бул жаман бир иш. Бул Аллахтын буйругу, ким аны бузган болсо, тезден-тез тооба кылсын.

Мына көрүп жатасынар, аятта айыз болгон аял бир гана күйөсү менен жыныстык мамеледе болоалбайт. Бирок намаз окуалбайт же орозо кармалбайт деген шариат эрежеси жок. Андай эреже Куранда табалбайсынар. Эгерде орозо аяттарына карасанар, ал аяттарда да бир гана ооруп жаткан жана сапарга чыккан кишилерге орозо парз эмес. Башка бүт баарына парз…

Демек, аяттарда аялдар үчүн намаз окуганга айыз болгон учур себеп же шарт эмес. Бирок, эмнеге Аз. Айшанын сөзү, намаз жөнүндө, аяттарга туура келбейтат, аны ачыкчасы билбейбиз…

Теги: аялдар айыз болгондо намаз окуйбу, аялын намазы, айыз болгон аялдын орозосу, шариат, дин, Куран, аят, хадис, Маида 5/6, Бакара 2/222.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети