ФАТВА
Нике такдыр (жазуусу) болобу?

Нике такдыр (жазуусу) болобу?

Нике такдыр (жазуусу) болобу?

Суроо: Менде мындай суроо пайда болду. Нике такдыр болобу? Такдырдын кандай жагыны инсан өзгөртөт? Мисалы, ар бир кишинин аялы же эри такдырга жазылганбы же мындай нерсе билинбейби? Анткени көп үй-бүлөө ажырашып жатат, бирок кеебирде айтылат: Эгерде ал сенин такдырын болсо, кайра сага кайтып келет… 

Жооп: Адам баласынын такдыры экиге бөлүнөт. Бирөсүнү Аллах жөнөтөт, экинчиси инсандын өзүндөн болот. Инсан такдырынын Аллахга карай турган жагы адам баласына тиешелүү эмес. Ал эми инсанга карай турган жагынан биргана инсандын өзү жооп берет. Ошондуктан Курандын көпчүлүк аяттарында инсан өз жасаган иштеринен жоопко тартылат. Ошентип, жакшы иштерине сыйлык берилет, ал эми жаман иштерине азапка дуучар болот. 

Эгерде адам баласынын жашоосу мурун жазылган болсо, анда бүт инсандар Аллах Тааланын жазуусуна баш ийип роботко охшоп жер жүзүндө жүрөт эле. Бирок андай эмес. Мындай түшүнүк Куранда дагы жок. Анткени инсанга өз колу менен жасаганы берилет… 

Тема менен байланыштуу бул аяттарга карап койюнуз: 16/93, 17/36, 21/23, 76/2-3. 

Эми, аял эркекке мурун жазылганбы же жазылган эмесби суроосу (башкача айтканда, нике такдыр болобу) – жок деп айтылат! Анткени Аллахтын Китебинде мындай түшүнүк жок!

Эгерде аял жана эркек бири бирине мурун жазылган болсо, анда Куранда үйлөнөтурган абалга жеткендерди «үйлөндүрүн» буйругу айтылбайт эле. Жана кеебир аялдар менен үйлөнү арам деп дагы айтылбайт эле (мисалы: 4/22-24). Ошондуктан, ким үйлөнөтурган эркек жана аял Аллахын такдыры жана мурун жазылган сөзү деп айткан болсо, ал кишинин сөзү жалган болот. Анткени сөзү Куранга карама каршы. 

Аллах адам затка кандай үйлөнгөндө эркиндик берген болсо, ошундай эле ажырашканда дагы эркиндик берген экен. Эгерде аял жана эркек арам нике кылган болсо, анда алар азап тартат. Бирок Аллахтын ыразысы болгон нике кылган болсолор, анда жашоолары дагы баракелүү болот. Жана, эгерде никеелер такдыр болсо (мурун жазылган болсо), анда адам баласынын тандап алуу аккы болбойт эле. Демек, кыйылган никеден (арам болсун, адал болбосун дагы) жоопкер эсептелбейт… 

Эмнеге анда еркек жана кыздар үйлөнөтурган кишиде сулуулукту жана физиалогияны издейт? 

Айрыкча карайыныздар: http://www.fetva.net/goruntulu-fetvalar/bizim-icin-bir-imtihan-vesilesi-olan-eslerimizi-allah-ezelden-belirlemis-midir.html (түркчө), 

http://www.fetva.net/yazili-fetvalar/insanlarin-evlenecekleri-kisi-anne-karninda-belirlenmis-midir.html (түркчө). 

Теги: нике такдыр (жазуусу) болобу, такдыр, Аллахтын жазганы, нике, арам нике, адал нике, такдырдын кандай жагыны инсан өзгөртөт.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети