ФАТВА
Намаз мусулманга кандай таасир берет?

Намаз мусулманга кандай таасир берет?

Намаз мусулманга кандай таасир берет?

Суроо: Мусулманга намаздын таасири кандай болот?

Жооп: Намаздын мусулманга, абдан чоӊ таасири болушу керек. Анткени намаз — ибадаттардын эн улуусу эсептелет. Намаз, инсандын адеп-аклакыны өзгөртө турган нерсе. Жана намаз сөзсүз жамандыктардан, күнөөлөрдөн сактайт. Буларга жетиш үчүн, намазды чыӊ жүрөктөн, берилип окуш керек…

Аллах Куранда намаз жөнүндө мындай дейт:

«Cага берилген бул Китептен (түшүнүп) окуп бер, намаз да оку. Анткени намаз бузукулуктан жана күнөөдөн тыйат. Жана Аллахы эскерүү (зикир) абдан маанилуу (чоң). Аллах, силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат» (Анкебут 29/45).

«Чындыгында, момундар – ийгиликке жетишти. Алар намаздарында коркуу менен окушат. Маанисиз иштерден (сөздөрдөн) жүз үйрүшөт, алар зекетин да беришет, уйаттуу жерлерин сакташат, жубайлары менен күңдөрүнөн башкалардан. Булар үчүн алар жемеге алынбайт. Ким мындан артыкты издесе, алар чектен чыккандар. Алар аманатын сакташат жана убадаларын аткарышат. Намаздарын дайыма окушат. Ошолор мураскорлор болушат. Алар Бейишке мураскор болушат да, анда түбөлүккө калышат» (Муминун 23/1-11).

Эгерде, намаз мусулмандын адебине, аклакына таасир бербесе, демек мусулмандын өзүндө, кишилигинде проблема бар. Эгерде, аяттарда айтылган Аллахын сөзүнү мусулмандар толук аткарбаса, анда намаздын мусулмандын кишилигине эч качан таасири болбойт. Анткени, инсанды инсан кылатурган нерсе, бул сөзсүз Аллахтын сөзүнү, буйругуну аткаруу эсептелет.

Теги: Куран жана намаз, намаз мусулманга кандай таасир берет, мусулман жана намаз, намаз окуу, намаздын адепке таасири кандай.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети