ФАТВА
Кадр түнү – кадар (такдыр) түнү эмес!

Кадр түнү – кадар (такдыр) түнү эмес!

Кадр түнү – кадар (такдыр) түнү эмес!

Суроо: Кадр түндүн мааниси эмне? Кадр түнү менен – кадардын (такдырдын) ортосунда кандай айырма бар же жок бу? Анткени, кээ бир жерде Кадр түнү ордуна, Кадар түнү айтылып жатат.

Жооп: Куранда Кадр сүрөсү бар. Ал сүрөдө Аллах мындай дейт:

«Акыйкатта, Биз аны ыйык түндө түшүрдүк. Кадр түндүн эмне экенин билесиңби? Кадр түн миң айдан да артыгыраак. (Ал түндө) Алланын буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух жер үстүнө түшүшөт. Ал таң атканча тынчтык – амандык» (Кадр 97/1-5).

Кадр түнү Рамазан айында болот. Рамазан айы Курандын түшүрүлгөн айы. Аллах Кадр түнү айтканын себебини аятта мындай ачыктап жатат:

«Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо(туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди туура жолго салганы үчүн Алланы улуктагыла! Мүмкүн силер шүгүр келтирээрсиңер» (Бакара 2/185).

Биринчиден, кадр деген сөздүн мааниси – бул күч, кубат. Кадр түнү – Аллахтын күчү, кубаты мааниде колдонолот. Анкени Аллах өзү күчү менен бул түндө Куранды түшүрдү.

Ал эми кадар же такдыр, бул сөздөрдүн мааниси башка. Кадар деген сөз – бул өлчөм, механизм, мыйзан, долбоор. Кадар жөнүндө Камар сүрөсүндө 49-чу аятында айтылып жатат. Такдыр – бул жазуу. Ошондой эле, Аллах Кадр түнү эч кимдин такдырыны жаныдан жазбайт. Бул эл арасында, пайда болгон, туура эмес бир түшүнүк.

Теги: кадр түнү, кадар (такдыр) түнү эмес, кадар жөнүндө, кадр деген сөздүн мааниси, күч, кубат, кадар деген сөз, өлчөм, механизм, мыйзан, долбоор, такдыр, жазуу.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети