ФАТВА
Мен күйөөмүн экинчи аялы болом! 

Мен күйөөмүн экинчи аялы болом! 

Мен күйөөмүн экинчи аялы болом! 

Суроо: Күйөөм экөөбүз чогуу жашабаганыбызга беш жыл болду. Мага талак бербейм деп жүрөт. Өзүнүн азыркы убакта үй-бүлөөсү бар. Анын кылганы туурабы? 

Жооп: Күйөөнүз кыргызстандык болсо, закон бойюнча, анын биринчи үй-бүлөөдөгү аялы официалду болушу керек. Ал эми сиз, официалду эмес окшойт. Кыргызстанда, жөн эле имам никахы менен, күйөөнүн экинчи, үчүнчү же төртүнчү оорунда жүргөн аялдар, булардын мыйзан бойюнча эч бир укугу жок. Анткени биздин конституцияда көп аялдуу закон чыгалек.

Аллах Куранда эркек кишиге төрт аялга чейин уруксат берген. Бирок төрт аял дегенде, ортолорунда сөзсүз адилеттүүлүк болушу керек. Адилеттик бул биринчи шарт. Эркек төрт аялдын ортосунда адилеттүү болоалбаса, анда Аллах – «бир аял менен жашаганга чакырат». Бул акыйкат Ниса сүрөсүнүн 3-чү аятында айтылат:

«А эгер силер жетимдерге адилетсиздик кылуудан корксоңор, анда өзүңөргө жаккан башка айалдардан экиден, үчтөн жана төрттөн үйлөнө бергиле. А эгер адилетсиздик болот деп корксоңор, анда бирөө менен, же болбосо кол астыңардагы (жесир менен чектелгиле). Бул зулум кылбооңорго жакыныраак» (Ниса 4/3).

Кыскача, аятка караганда жана сиз экинчи аялы болсоӊор, анда эч бир проблема жок. Бирок азыркы учурда мамлекеттик денгелинде Куран аяттары иштебейт, ошондуктан сиздин ахвалыныз юридикалык жактан колдонгон эмес. Эми сизге талак берсе эмне, бербесе эмне?! Укугунузу эмне менен коргойсунар?! Бул биринчи маселе.

Экинчи маселе, бул аялдын күйөөсүнө, мен сен менен жашабаймын, мага талак бер дегенде, эркек бериши керек. Эгерде бербесе, анда Куран бойюнча, сиздин эринизден талак алууга укугунуз бар. Аялдардын талак берүү же алуу укугу – Куранда ифтида, деп айтылат. Бул укуку көп аялдар билишпейт. Анткени бул укукту мазхабтар өзгөрткөн жана аял, бир гана эркек талак берген болсо, андан кийин бош болот, деп түшүндүргөн.

Аллах Куранда мындай дейт:

«Талак (ажырашуу) эки жолу болот (ирет). Ошондуктан тууралык менен кармоо, же жакшылык менен ажырашуу (керек). Аларга бергениңерден бир нерсени (кайра) алуу адал эмес. Бирок экөөсү тең Аллахын чегин сактай албай калуудан коркушса, же силер да ал экөөсү Аллахын чегин сактай албоосунан корксоңор, анда аялдын күйөөсүнө төлөм берүүсүндө экөөнө тең күнөө жок. Мына ушул – Аллахын чектери. Андан аша чаппагыла. Ким Аллахын чегинен өтсө, мына ошолор – заалымдар» (Бакара 2/229).

«Ифтида» деген сөз: (بِهِ افْتَدَتْ فِيمَا عَلَيْهِمَا جُنَاحَ فَلاَ اللّهِ حُدُودَ يُقِيمَا أَلاَّ خِفْتُمْ فَإِنْ) бул аятта (2/229) өтүп жатат. Аял бул иш менен күйөөсүндөн талакты сатыбалат. Аял мындай кылганында, күйөөсүнүн берген бүт белек жана башка нерселерди кайра бериши керек. Бул ишке Аллах төлөм берүү дейт…

Эми жазгандарывызды окуйун, ойлонун, анан кандай туура, кандай туура эмес, сиз өзүз чечибалын. Анткени сурооӊор кыска болуп, маалыматы объективдүү эмес. Бул проблеманы чечиш үчүн эки жакты угуш керек…

Теги: мен күйөөмүн, экинчи аялы болом, өзүңөргө жаккан башка айалдардан экиден, үчтөн жана төрттөн үйлөнө бергиле, төрт аялга чейин уруксат, талак, үч талак маселеси, ифтида, аялдын талак укугу, Бакара 2/229, Ниса 4/3.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети