ФАТВА
Талак жөнүндө Аллах эмне дейт?

Талак жөнүндө Аллах эмне дейт?

Талак жөнүндө Аллах эмне дейт?

Суроо: Куранда талак жөнүндө кандай маалымат бар? 

Жооп: Аллах Куранда талак жөнүндө абдан ачык буйруктар келтирген. Бул буйруктар Курандын ар бир жеринде кыскача айтылып берилген. Бирок талак жөнүндө, айрыкча Талак деген бир сүрө бар. Аллах талак жөнүндө айтканда, ар бир аятын аягында « Мына бул Аллахтын чектери! Чекти ашпагыла» дейт. Эми бул аяттарды көрөйлү:

«Талак берилген (ажырашкан) аялдар үч этек кир мөөнөтүн күтүшөт. Эгер алар Аллахга жана акырет күнүнө ишенишсе курсагындагы (жатынындагы) Аллахын жаратканын жашыруулары (адал) эмес. Жарашууну (экөө тең) каалашса, анда аялдарын кайра алууга күйөөлөрү укуктуураак. Эркектердин аялдарында акылары болгон сыяктуу эле, аялдардын да күйөөлөрүндө белгилүү акылары бар. Аялдарга караганда эркектердин даражасы артыгыраак. Аллах – Мартабалуу, Даанышман.

Талак (ажырашуу) эки жолу болот (ирет). Ошондуктан тууралык менен кармоо, же жакшылык менен ажырашуу (керек). Аларга бергениңерден бир нерсени (кайра) алуу адал эмес. Бирок экөөсү тең Аллахын чегин сактай албай калуудан коркушса, же силер да ал экөөсү Аллахын чегин сактай албоосунан корксоңор, анда аялдын күйөөсүнө төлөм берүүсүндө экөөнө тең күнөө жок. Мына ушул – Аллахын чектери. Андан аша чаппагыла. Ким Аллахын чегинен өтсө, мына ошолор – заалымдар.

Күйөөсү аялына (үчүнчү жолу) талак берсе, андан ары ал башка күйөөгө тиймейинче адал эмес. Эгер ал ага талак берсе, экөөсү тең: «Аллахын чектерин сактай алабыз» – деп ойлошуп, кайра жарашышса анда күнөө жок. Бул – Аллахын чектери. Аны биле турган коом үчүн баяндайт.

Аялдарыңарга талак берсеңер, мөөнөтү жеткен учурда жакшылык менен кайра алып калгыла, же алардан жакшылык менен ажырашкыла. Аларга зыян берүү максатында кармап турбагыла. Кимде-ким ушул ишти жасаса, чындыгында өзүнө-өзү зулумдук кылган болот. Аллахын аяттарын азил кылбагыла! Ошондой эле Аллахын силерге берген жакшылыктарын, силерге насаат кыла турган Китепти жана даашымандыкты түшүргөнүн эстегиле! Аллахдан корккула, акыйкатта, Аллах бардык нерсени Билүүчү экенин билгиле!

Аялдарыңарды талак кылсаңар, күтүү (идда) мөөнөтү бүткөн соң, алар өз күйөөсү менен (жашоого) жакшылык жолдо ыраазы болуп жарашышса жолтоо болбогула. Бул –Аллахга жана акырет күнүнө ыйман келтиргендер үчүн айтылган насаат. Бул – силер үчүн тазалык менен аруулук. Аллах билет, а силер билбейсиңер!» (Бакара 2/228-232).

Эми Талак сүрөсүндөгү аяттар мындай:

«Эй, Наби! Силер аяалдарыңарды талак кылсаңар алардын белгилүү мөөнөтүндө талак кылгыла жана убакытты так эсептегиле, Эгеңер Аллахдан корккула. Аларды өз үйлөрүнөн кууп чыгарбагыла. Алар ачык-айкын бузуктук жасамайынча үйлөрүнөн чыгышпасын. Аллахын чектери (мына ушул). Кимде-ким Аллахын чектеринен чыкса, албетте ал өз жанына зулум кылганы. Мүмкүн Аллах тигинден соң бир иш пайда кылаар. (Аны) сен билбейсиң.

Белгиленген мөөнөтү айактаган кезде аларды (аяалды) жакшы абалда артка кайтарып алгыла[3], же жакшы абалда ажырашкыла. Жана да араңардан эки адилеттүүнү күбө кылгыла, (ал) күбөнү Аллах үчүн өтөгүлө! Мындан Аллага жана кыямат күнүнө ишенгендер үлгү алат. Ким Аллахдан корксо, ага чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.

Жана да ага эч күтпөгөн тараптан ырыскы тартуулайт. А кимде-ким Аллаха тобокел кылса, Ал өзү ага жетиштүү. Анткени Аллах Өз ишин Жеткирүүчү. Ар бир нерсеге ченем койгон.

Этек кирден үмүт үзгөн аяалдарыңардан шектенсеңер, анда алардын (иддат – күтүү) мөөнөтү үч ай. Ал эми этек кир (ар бир себептен) көрбөгөн аялдардын мөөнөтү да ушундай эле. А кош бойлуу аяалдардын мөөнөтү болсо, жүктөрүн койгонго чейин. Ким Аллахдан корксо, Ал анын иштерин жеңил кылып койот.

Аллахын силерге түшүргөн буйруктары мына ушундай. Кимде-ким Аллахдан корксо, Ал анын күнөөлөрүн кечет жана сыйлыктарын чоң кылат.

Аларды өзүңөр жашаган үйдө колуңардан келишинче жашаткыла жана аларды үйдөн чыгаруу үчүн кысымга албагыла. Эгер алардын боюнда бар болсо, алар төрөгөнгө чейин аны камсыздап тургула. Ал эми эгер алар силердин балдарыңарды эмизсе, аларга акысын төлөп бергиле жана алар менен жакшылыкча кеңешип, сүйлөшкүлө. А эгер сүйлөшүүдө кыйынчылыктар болсо, анда балдарды башка аяал эмизсин» (Талак 65/1-6).

Теги: талак жөнүндө Аллах эмне дейт, канча талак бериш керек, үч талак барбы, талак аяттары, Куран талак жөнүндө, Бакара 2/228-232, Талак 65/1-6.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети