ФАТВА
Үй-бүлөөлөрдүн ажырашканына кайын эне кандай себеп болот?

Үй-бүлөөлөрдүн ажырашканына кайын эне кандай себеп болот?

Үй-бүлөөлөрдүн ажырашканына кайын эне кандай себеп болот?

Суроо: Үйлөнгөнүбүзгө эки жыл болду, бир кызыбыз бар, жашы бир жарымга келип калды. Суроом мындайча, кайын энемдин каршылыгына карабастан үйлөнгөнбүз. Эми эки жылдан сон ажыраштырып жатат, аялым мага айтпай энесин угуп кетип калыптыр үйдөн. Эми талак бер ата энем бир туугандарымдын ыраазы болбосо уруксаат бербесе жашабайм деп жатат. Мен ажырашканга каршымын, талак бер деп жатат. Кандай кылуу керек жана аялыма күнөө эмесби, энесинин айтканы үчүн талак сураганы?

Жооп: Айтканыныз кыйын маселе. Эми кайын энениз сизге каршы чыкса да чыкпаса да, сиз бир үй-бүлөө кургансынар, кичинекей кызыныз бар, анын бузганга укугу жок. Бирок, эмнеге каршы чыкканыны биз билбейбиз. Бир гана сиздин айтканынызга караганда, кайын энениз залым айтышыбыз мүмкүн. Ошондуктан биз эки тараптын айтканыны уккандан кийин бир нерсе айтабыз. Мындай суролорго жооп бериш үчүн сөзсүз объективдүү болушубуз керек…

Албетте энесинин сөзү менен аялыныз сизден талак сураалбаш керек. Мисалы, сиз талак берсенер да, мындай талак өтпөйт, сахих болбойт. Башкасынын суранычы менен талак берилбейт. Шариат булга уруксат бербейт.

Эми сиздин кылатурган ишиниз, биринчиден Аллаха дуа кылуу. Экинчиден, аялынызга бираз дин тууралуу насаат берин. Баланыздын келечегини ойлонсун. Үй-бүлөөлүк мамиленизди бузбасын. Жана булга окшоп жакшы насааттар берип, инша Аллах, Аллахын жардамы менен баары жакшы болот.

Теги: үй-бүлөөлөрдүн ажырашканына, кайын эне кандай себеп болот, талак, үч талак маселеси, динде талак берүү, аял канча талак менен бош болот.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети