ФАТВА
Талак бергенден кийин канча ай иддат күтүш керек?

Талак бергенден кийин канча ай иддат күтүш керек?

Талак бергенден кийин канча ай иддат күтүш керек?

Суроо: Күйөөн талак бербесе, 3 айдан соӊ талак түшөт деген туурабы? Ажырашкандан кийин канча убакыттан соӊ күйөөгө чыкса болот?

Жооп: Күйөөн талак бербесе, 3 айдан соӊ талак түшөт деген сөз туура эмес. Талак бербесе, анда аялы талак сурайт. Эгерде кайра бербесе, анда аял берилген бүт алтын, күмүш жана башка белек катары нерселерди (махрды) күйөөсүнө кайтарып, укугу болгон талакты өзү сурайт. Бул, аялдын талак укугу. Аллах, аялдарга берген талак укугуна Куранда – ифтида дейт.

«Талак (ажырашуу) эки жолу болот (ирет). Ошондуктан тууралык менен кармоо, же жакшылык менен ажырашуу (керек). Аларга бергениңерден бир нерсени (кайра) алуу адал эмес. Бирок экөөсү тең Аллахын чегин сактай албай калуудан коркушса, же силер да ал экөөсү Аллахын чегин сактай албоосунан корксоңор, анда аялдын күйөөсүнө төлөм берүүсүндө экөөнө тең күнөө жок. Мына ушул – Аллахын чектери. Андан аша чаппагыла. Ким Аллахын чегинен өтсө, мына ошолор – заалымдар» (Бакара 2/229).

Эгерде аял себепсиз талак сураган болсо, анда Аллахтын алдында күнөөкөр болот. Катуу кечимсиздик, чыдаалбастык болсо жана башка маанилуу себептер болсо, мына бул себептер менен бир гана аял талак суранса болот. Сураганда күнөөкөр болбойт.

Ажырашкандан кийин канча убакыттан соӊ күйөөгө чыкса болот? 

Бул суроого жооптор аркандай болот. Мисалы, бойунда болгон аял, төрөгөнгө чейин бош эмес. Демек 9 ай иддат (убакыт) күтүш керек. Күйөөсү өлгөн аял, 4 ай 10 күӊ иддат күтүшү керек. Күйөөсү талак бергенден кийин иддат 3 ай болот. Аял өзү талак сураган болсо, анда иддат жок, аял эчтеке күтпөйт. Бул иддиттар бүткөндөн кийин, аял кайра күйөөгө чыкса болот.

Теги: талак бергенден кийин, канча ай, иддат күтүш керек, бойунда болгон аял, төрөгөнгө чейин, 9 ай иддат, күйөөсү өлгөн аял, 4 ай 10 күӊ иддат, күйөөсү талак бергенден кийин, 3 ай иддат, ифтида, Бакара 2/229.

2 комментария

  • Мен куйоом иштебейт мен багам Аны ал эмес коп ошону айынан уруш чыгарам ачуум чыгып ызалангандан талак Бер мага кетем делим бербейм деди Бер сен онолбойсун кетем мен делим тили келбей аркан талак дегендей соз айтты бирок талак берём деп анык айтпады талагы тушобу кандай ачу ыза устундо Бер дедим

    • Салам алейкум дин карындашым.
      Сиздин случайда талак болгон эмес. Куранга карата ошондой талак болбойт.

Новые материалы

Наши социальные сети