ФАТВА
Үч талак маселесини кандай түшүнсөк болот?

Үч талак маселесини кандай түшүнсөк болот?

Үч талак маселесини кандай түшүнсөк болот?

Суроо: Мен аялым менен вурушуп кеттим. Анан ачууланганда аялыма үч талак бердим. Бирок кийин кандай жаман иш кылдым деп түшүнүп ойлондум. Ажырашканы экөөвүздө калабайбыз. Меним суроом, биздин никевиз бузулдубу?

Жооп: Жок, никениз бузулган жок! Эчтеке болгон жок. Анткени, ачууланганда берилген талак, талак эсептельбейт. Ошондуктан үй-бүлөөнүздү бузбайын. Бул бир.

Экинчиден, Куранда, эркек аялына үч талак бергенден кийин ажирашуу болот деп, андай нерсе (эреже, буйрук) жок.

Үчүнчүдөн, Куранда үч деген талак масалеси де жок. Куранда эки талак бар. Булардын биринчисинден жана икинчисинден кийин кайра кайтуу бар. Башкача айтканда, жубайлар кайра бирге жашаса болушу мүмкүн. Бирок үчүнчү деген талак бар, ал талактан кийин бирге жашоо болбойт.

Бул маселе Бакара сүрөсүнүн 229 жана 230-чу аяттарында айтылып жатат.

Аллах мындай дейт:

«Талак (ажырашуу) эки жолу болот. Ошондуктан тууралык менен кармоо, же жакшылык менен ажырашуу (керек). Аларга бергениңерден бир нерсени (кайра) алуу адал эмес. Бирок экөөсү тең Аллахын чегин сактай албай калуудан коркушса, же силер да ал экөөсү Аллахын чегин сактай албоосунан корксоңор, анда аялдын күйөөсүнө төлөм берүүсүндө экөөнө тең күнөө жок. Мына ушул – Аллахын чектери. Андан аша чаппагыла. Ким Аллахын чегинен өтсө, мына ошолор – заалымдар. Күйөөсү аялына үчүнчү жолу талак берсе, андан ары ал башка күйөөгө тиймейинче адал эмес. Эгер ал ага талак берсе, экөөсү тең: «Аллахын чектерин сактай алабыз» – деп ойлошуп, кайра жарашышса анда күнөө жок. Бул – Аллахын чектери. Аны биле турган коом үчүн баяндайт» (Бакара 2/229-230).

Бул талак маселеси берилген линкте толук маалымат менен ачыктанып жатат: https://www.youtube.com/watch?v=O9S824zLtUM&t=26s

Теги: үч талак маселеси, кандай түшүнсөк болот, талак, ажырашуу, үй-бүлөө, кайра кайтуу, Бакара 2/229-230.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети