ФАТВА
Хадж (ажылык) – бул бүткүл инсандарга буйрук!

Хадж (ажылык) – бул бүткүл инсандарга буйрук!

Хадж (ажылык) – бул бүткүл инсандарга буйрук!

Суроо: Эмнеге бир гана мусулмандар ажылыкка барышат, Аллах бүт инсандарга ажылыкты парз кылбады бы, жана Куранда айтпады бы: «Ошентип, Биз бул үйдү инсандар үчүн жыйнала турган тынч жай кылдык»? Анан, яхудилер, Ибрахим алехиссалам биздин атабыз дейт, эмнеге алар анын жолунан барышпайт? Анткени Аллах Куранда, Ибрахимге Каабаны ондоткондон кийин, «…жакындан, узактан, бүт инсандарды Аллахтын үйүнө чакыр», деп буйрук бергенбиз. Кааба бүт инсандардын кыбласы болсо, анда эмнеге яхудилер Иерусалимдеги «Стена плача» деген жерге барышат, жана шиалар эмнеге Карбала деген жерге барышат, булардын кыбласыда ошол айтылган жактар жана ажылыктырыда ошол жака болуп жатат… Түшүндүрүп беринизчи.

Жооп: Аллах Куранда ачык (мубин) аятында мындай дейт:

«Ошентип, Биз бул үйдү инсандар үчүн жыйнала турган тынч жай кылдык жана: «Ибрахимдин ордун намаз окуучу жай кылып алгыла!» – дедик. Биз Ибрахим менен Исмаилге келишим кылдык: «Менин үйүмдү айлануучулар менен анда тургандар жана намаз окуучулар үчүн тазалагыла» (Бакара 2/125).

Аллах Куранда, Мекке шаарыны, шаарлардын борбору жана апасы: «Уммуль-Кура», деп айтты. Бул каабанын Меккеде болгондугунан. Мындай дейт:

«Чындыгында, адамзат үчүн Беккеде (Меккеде) алгач курулган үй – бүткүл аалам  үчүн ыйык жана туура жол! Анда ачык белгилер жана Ибрахимдин орду бар. Кимде-ким ага кирсе – тынчтыкта болот. Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Аллах (ырааазылыгы) үчүн Каабага ажылык кылуу милдети жүктөлдү. Ким мындан жүз үйүрсө, чындыгында, Аллах – ааламдагыларга Муктаж эмес!» (Али-Имран 3/96-97).

«Чындыгында, каапыр болуп, Аллахын жолунан жана Биз анын тургандары жана четтен келүүчү инсандар үчүн бирдей (ыйык) кылып койгон Ыйык Мечиттен тоскондорго, ошондой эле ким зулумдук менен жолдон чыгууну  кааласа, ага жан чыдагыс азаптын даамын таттырабыз. Ибрахимди Кабанын ордунда: «Мага эч бир нерсени шерик кылба. Тооп кылуучуларга тик туруп, эңкейип жана баш койуп (Аллаха) сыйынуучулар үчүн таза карма», – деп, Биз байан кылган кезди (эсте). Инсандарды ажылыкка чакыр. Алар (сага) жөө жана арык төөнүн үстүндө абдан алыс жолдордон келишет. Алар өздөрүнө арналган пайдаларын көрүшсүн. Ошентип, өздөрүнө берилген малдардан белгилүү күндөрдө Аллахын ысмы менен курмандык чалышсын! Андан өзүңөр да жегиле жана кедей-кембагалдарга да жегизгиле. Анан алар кирлерин кетиришсин. Ошондой эле, айткан убадаларын аткарышып, Эски үйдү тооп (таваф) кылышсын» (Хадж 22/25-29).

«Ажылык (бул) – белгилүү айлар. Ким ошол айлардын ичинде ажылык парзын аткарууга милдеттенген болсо, ажылыкта (аялына) кошулуу, күнөө кылуу, талашып-тартышуу(га болбойт). Эй, акыл ээлери! Жакшылыктардан эмне жасаган болсоңор Алла аны билет. (Ошондуктан) азык камдагыла! Чындыгында, азыктын жакшысы – такыбалык. Менден корккула, эй, акыл ээлери! Силер Эгеңердин ырайымын көздөгөн болсоңор, силерге күнөө болбойт. Качан Арафаттан кайтсаңар Машарул-Харамда Аллахы эстегиле. (Анткени) Ал силерди туура жолго чыгарды. Силер андан мурда адашкандардан болчусуңар. Андан кийин элдер (ажылар) кайткан жерден (Арафаттан) кайткыла да, Аллахтан кечирим сурагыла. Чындыгында, Аллах – Боорукер, Мээримдүү! Качан ажылык ибадатыңарды бүтсөңөр Аллахы атаңарды эстегендей эстегиле, же андан да артыгыраак (керек). Адамдардын арасынан кээ бирөө: «О, Эгем! Бизге үлүшүбүздү дүйнөдө бер!» – деп айтат. Ал Акыретте үлүштөн куру калат» (Бакара 2/197-200).

«Белгилүү күндөрдө Алланы эстегиле. Ким шашса – эки күндө, ага – күнөө жок. Ким кечиксе да күнөө жок. Бул (шарт) – (Алладан) корккон (мусулман) үчүн.  Алладан корккула жана билгиле: Ага жыйналасыңар!» (Бакара 2/203).

Мына, бул аяттарды окугандан кийин, силер Кааба эмнекен түшүнөсүнөр, ажылыкка кайака барылат билесинер, дүйнө курулгандан жана бүткөнгө чейин инсандардын кыбласы кайсыл жер болот үйрөнөсүнөр жана бүт инсандардын кыбласы Кааба болгонуну билип турасынар.

Ал эми яхуди жана христиандар эмнеге Маккада болгон кыблага багынбайт жана моюн сунбайт, бул алардын проблемасы. Аллахга өздөрү жооп беришет. Исраил уулдары Йакуп алейхиссаламга Курандын бир аятында айтылгандай, мындай сөз, убада беришет:

«Өзүнө наадандык кылгандан бөлөк ким Ибрахимдин дининен баш тартат? Биз аны бул дүйнөдө тандадык, ал эми акыретте, албетте, ал эң жакшы иштерди жасоочулардан. Ага анын Эгеси: «Мага моюн сун!» – дегенде, «Мен ааламдардын Эгесине моюн сундум, – деди (мусулман болду). Ибрахим да, Йакуп да аны – балдарына осуят кылды: «Эй, балдарым! Акыйкатта Аллах силер үчүн динди тандап берди. Силер мусулман болмоюнча өлбөгүлө!». Силер Йакупка өлүм келген кезинде күбө болдуңар беле?! Ал өзүнүн балдарына: Мен өлгөндөн соң силер кимге сыйынасыңар?» – деди. Алар айтышты: «Биз сенин Эгеңе жана сенин аталарың – Ибрахимдин, Исмаилдин жана Исхактын Эгеси болгон бир Аллахга гана сыйынабыз! Биз – Ага баш ийүүчүлөрдөнбүз» – дешти» (Бакара 2/130-133).

Кыямат күнү, Аллах яхудилерге жана христиандарга бул аяттарды албетте эскертет. Бирок алар, өздөрү бузган диндин жолуну ошундай бекем кармаган үчүн, Аллахтын алдында эч качан актанбайт…

Демек, Куран аяттарыны окуганда, биз ажылык милдетинин бүт инсандарга буйрук болгонуну жана кыблавыздын Кааба болгонуну үйрөнөбүз.

Теги: хадж (ажылык), бул бүткүл инсандарга буйрук, кыблавыз Кааба, Макка, Куран аяттары, ажылык жөнүндө аяттар, курман чалуу, ажыга баруу.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети