«Исламдан башка динди издебегиле» сөздү кандай түшүнүшүбүз керек?
ФАТВА > Работы на кыргызском Дата: 24 Temmuz 2017 Email This Post Email This Post

«Исламдан башка динди издебегиле» сөздү кандай түшүнүшүбүз керек?

Суроо: «Исламдан башка динди издебегиле» сөздү кандай түшүнүшүбүз керек? 

Жооп: Аллах Али-Имран сүрөсүнүн 85-чи аятында мындай дейт:

«Кимде исламдан башка дин издесе, анын (тапкан же тутунган) дини кабыл кылынбайт жана ал акиретте зыйанга учуроочулардан болот» (Али-Имран 3/85).

Мусулмандардын чөйрөсүндө бир салт болуп калган ишеним бар. Бул, ислам дини келгенден кийин башка диндердин жоголуп кеткенин ишеними. Бирок андай эмес. Аллах Куранды жөнөткөндөн кийин эч бир аятта, башка китептери, же диндерди жок кылдым, деген жок.

Ислам – бул Аллахтын жөнөткөн китептери жана бүт баарында бирдей болгон дин системасынын орточо аты! Адам алейхиссаламдан баштап, акыркы болуп, Мухаммед алейхиссаламга чейин келген, бүт наби жана расулдар, бир болгон Аллах ишенимине жана жолуна элдерди чакырган. Ошондуктан, мусулман – бул бир болгон Аллахга, акирет күнүнө, китептерге, периштелерге, элчилерге ишенген киши болуп эсептелет. Ким булардан бирөөсүнө ишенбесе, ал мусулман эсептелбейт. Айтылгандарга ишенген жана Аллах жолунда болгон Китеп ээлери де, Куранда мусулман эсептелет. Аллах мындай дейт:

«Китеп ээлеринин баары бирдей эмес. Алардын түн мезгилинде тике туруп, Аллахын айаттарын окуп, сежде кылуучу бир тайпасы бар. Алар Аллаха, акырет күнүнө ишенишип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосуп, жакшылык иштерде атаандашат. Алар – жакшылардан. Алар кандай жакшылык кылышпасын (Аллах тарабынан) унутулуп калбайт. Аллах – такыбаларды Билүүчү!» (Али-Имран 3/113-115).

Ислам – бул Аллаха шексиз баш ийю. Ким ошундай болсо – ал киши мусулман болот. Мындай инсандар Адам алейхиссаламдан баштап акиретке чейин болот.

Эгерде Аллах, Куран келгенден кийин башка китептерди жокко чыгарган болсо, токтотсо, анда эмнеге мындай айтты:

«Ал Нухга эмнени осуйат кылган болсо, ошону да сага вахий кылган! Ибрахим, Муса жана Исага осуйат кылган динди силерге жол кылып берди. «Диниӊерди тургузгула жана ал тууралуу талашып, тартышпагыла! Мушриктер үчүн сен чакырып жаткан нерсе өтө оор. Аллах кимди кааласа, Өзү аны тандап алат. Жана ким кайрылса. өзүнө карай багыттайт» (Шуура 42/13) (жана Ниса 4/163, Энам 6/84-89).

«Биз Аллахга жана бизге түшүрүлгөнгө, Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Йакупка жана алардын урпактарына түшүрүлгөнгө, Мусага, Исага жана бардык элчилерге, Эгебизден белек кылынганга ыйман келтиребиз. Биз аларды бирин артык, бирин кем көрбөйбүз. Ага (Аллахга) гана өзүбүздү тапшыруучуларданбыз», – деп айткыла» (Али-Имран 3/84).

Билесинер, Куранда китептерге ишеним деген буйрук бар. Эгерде Аллах, Куран келгенден кийин башка китептерди жокко чыгарган болсо, анда эмнеге китептерге ишеним буйругу бар? Жана эмнеге бул аяттар Куранда бар:

«Эгер алар Тооратты жана Инжилди жана Алладан түшкөнү (Куранды) аткарышканда, анда ар тарабынан ырыскыга бөлөнүшөөр эле. Алардын арасында адилеттүү-каниеттүүлөрү да бар. Анткен менен алардын көпчүлүгүнүн жасаган иши – жаман» (Маида 5/66).

«Эй, китеп ээлери! Инжил, Тооратты жана Эгеңер тараптан түшүрүлгөндү (Куранды) толук  аткарганга чейин, силердин эч нерсеңер (тайанар колдоочуңар) жок». Андыктан сага түшүрүлгөн Китеп алардын көбүнүн адашуусун, каапырлыгын арттырат. Каапыр коом үчүн (айап) кайгы тартпа» (Маида 5/68).

Демек Аллах, мурун түшүргөн эч бир китепти токтоткон эмес. Анда, Али-Имран сүрөсүндө 19-чу аятында өткөн тезис «Чындыгында, Алланын алдында кабыл болуучу дин бул – Ислам!», бул вахий жолунун жана ислам динин бир болгонуну көрсөткөн далил: «Ал Нухга эмнени осуйат кылган болсо, ошону да сага вахий кылган! Ибрахим, Муса жана Исага осуйат кылган динди силерге жол кылып берди»…

Ошондуктан, «Кимде исламдан башка дин издесе, анын (тапкан же тутунган) дини кабыл кылынбайт жана ал акиретте зыйанга учуроочулардан болот» сөзү, Али-Имран 3/84-тү окугандан кийин түшүнүктүү болот. Аллах мындай дейт:

«(Эй, Мухаммед!) Андыктан чакыр жана сага буйрулгандай туруктуу бол. Алардын каалоолорунун артынан ээрчибе жана: «Мен Аллахтын түшүргөн Китепке ишенемин. Мен силердин араӊарда адилеттүү болууга буйрулганмын. Алла биздин да Эгебиз, силердин да Эгеёер. Бизге – өзүбүздүн жасаган иштер, силерге – өзүӊөрдүн жасаган иштер таандык. Силердин жана биздин ортобузда талаш-тартыш кылууга себеп жок. Аллах бизди жыйнап алат жана кайтуу Ага» – деп айт» (Шуура 42/15).

«Биз сага Китепти Чындык менен андан мурдагы китептерди тастыктоочу,  аларга күбө болуучу катарында түшүрдүк. Алардын ортолорунда Аллахтын сага түшүргөнү менен өкүм кыл. Өзүңө келген Чындыктан ажырап, алардын тилине кирбе. Силердин ар бириңер үчүн бир жол-жобо (жазып) койдук. Эгер Аллах кааласа баарыңарды бирдей коом кылып коймок. Бирок жиберилген жол-жоболор аркылуу силерди сынамакчы. Жакшылык иштерде жарышкыла. Бараар жериңер – Аллахын алды. Ал силердин талашкан нерсеңерден кабар берет» (Маида 5/48).

Теги: исламдан башка динди издебегиле, аят, Куран, ислам дини, акирет, китептер, элчилер, периштелер, Куран тастыктоочу, Ал Нухга эмнени осуйат кылган болсо, ошону да сага вахий кылган, Ибрахим, Муса жана Исага осуйат кылган динди, силерге жол кылып берди.

Facebook'ta PaylaşTwitter'da PaylaşГ. бөлүшүүOk.ru бөлүшүү
Просмотрено 533
 
Другие фетвы по данной теме или близкие
№     Темы Дата    Прочтено    
1 Куранда таравих намазы жөнүндө маалымат барбы? 10.09.2018 232
2 Парз жана нафиль орозону эмне бузат? 10.09.2018 206
3 Рамазанда фитраны (фидяны) какчан бериш керек? 10.09.2018 132
4 Кадр сүрөсүндө Аллах эмне жөнүндө айтып жатат? 12.06.2018 349
5 Рамазан түндөрү, аял менен жыныстык мамелеге уруксат барбы? 12.06.2018 301
6 Рамазандын мааниге ээ болгонун себептери эмне? 12.06.2018 254
7 Рамазан фидиясы (фитрасы) кандай эсептелет? 12.06.2018 339
8 Эмнеге фидияны, орозо кармоого күчү жеткендер беришет? 12.06.2018 294
9 Рамазанда фидия (фитир) бергенин милдети кимдерде болот?  12.06.2018 314
10 Фидияны (фитирди) кимдин бериши керек? 12.06.2018 259
11 Рамазанда орозо кармаганды каалаган ооруп жаткандар жана сапарга чыккандар эмне кылышы керек? 12.06.2018 271
12 Ооруп жаткан жана сапарга чыккандардын орозолору каза болобу? 11.06.2018 181
13 Рамазанда сухурду качан бүтүрүш керек? 11.06.2018 197
14 Рамазан айынын башталышыны жана бүтүшүнү Куранга карап кандай эсептейбиз? 17.05.2018 329
15 «(Орозо) эсептелүү күндөрдө гана» аятыны кандай түшүнөбүз? 07.05.2018 276
16 Мурунку үммөттөргө орозо буйрук катары жазылганбы? 07.05.2018 306
17 Кара дубадан кантип кутулсак болот? 28.02.2018 1.099
18 Бейиште сүйүшкөндөр бирге болобу? 19.02.2018 502
19 «Кахри кул» дуасы эмнеден окулат? 19.02.2018 1.168
20 Тооба-истихфар кандай болот? 08.02.2018 607
21 Ыйманга каршы келген ойлордон кандай кутулабыз? 24.01.2018 678
22 Мусулмандар жаӊы жылды куттуктаса болобу? 04.01.2018 550
23 Өкүмдү бир гана Аллах берет! 27.12.2017 426
24 Курандан өкүм кандай чыгарылат? 26.12.2017 401
25 Бакара сүрөсүнүн 189-чу аяты 25.12.2017 396
26 Мусулман киши водка (арак) ичсе болобу? 13.11.2017 792
27 Жунуп болгондо Куран окуусам болобу? 11.10.2017 946
28 Биз силерди жөн эле жараткан жокбуз! 11.08.2017 543
29 Жиндердин инсандарга болгон таасири кандай? 31.07.2017 1.390
30 «Исламдан башка динди издебегиле» сөздү кандай түшүнүшүбүз керек? 24.07.2017 533
31 Аллах момундарга чочконун этини арам кылды! 21.07.2017 562
32 Кабрыстан кандай болуш керек? 18.07.2017 658
33 Ахирет күнү бир гана Курандан жооп беребиз! 17.07.2017 1.724
34 Ар бир расул – наби болобу? 14.07.2017 2.691
35 Даават эмне жана дааватчылар ким? 30.06.2017 985
36 Капырлар менен кандай джыхад кылыш керек? 29.04.2017 467
37 Куран котормосуну окусак болобу? 28.04.2017 2.369
38 Мусулман аялзат шим кийсе болобу? 17.03.2017 2.437
39 Эмнеге Аллах мурас темасыны толук ачыктап жатат? 07.03.2017 520
40 (Бал) Аарысы сүрөсүнүн 67-чи аятыны кандай түшүнүшүбүз керек? 21.02.2017 502
41 Динде арачылык барбы? 21.02.2017 468
42 Динде өч алуу маселеси барбы? 07.02.2017 558
43 Иса пайгамбар ачта ашталганбы? 30.01.2017 546
44 Бейиштин тили кандай болот? 30.01.2017 510
45 Бейиштин аялдары кандай болот? 30.01.2017 613
46 Аяттардын түшүрүлүш себептери жана тарыхчылык 30.01.2017 2.448
47 Инсан жана анын коргоочу периштелери 27.11.2016 705
48 Жунуп болгон учурда тамактануу жана башка иштер аткаруу мүмкүнбү? 08.11.2016 572
49 Биз өлгөндөрүвүзгө дуа кылганда алардын күнөөлөрү кечирилетби? 08.11.2016 684