ФАТВА
Рамазан орозосуну кармаваган киши эмне кылышы керек?

Рамазан орозосуну кармаваган киши эмне кылышы керек?

Рамазан орозосуну кармаваган киши эмне кылышы керек?

Суроо: Мен бул жылы орозо кармавадым, эми мен акча беремби же бир муктажды жедиришим керекби? Түшүндүрүп беринизчи. 

Жооп: Аллах Куранда Бакара сүрөсүнүн 184-чү аятында мындай дейт: 

«(Орозо) эсептелүү күндөрдө гана. Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса, же сапарга аттанса – анда ал күндөрдүн ордуна башка күндөрдө толуктап берет. Орозо тутканга күчү жеткендер жакырдын тамагын фидия берсин. Ким андан ашыкча жакшылык кылса – ал өзүнө жакшы. Эгер билсеңер орозо кармооңор силер үчүн жакшы!» (Бакара 2/184). 

Эгерде бир маанилуу себептен орозо кармаваган болсонор анда Рамазандан кийин кармап, бир айдын эсебини толуктап бересинер. Эгерде себепсиз өткөзгөн болсонор, анда эч нерсе кылаалбайсынар. Өткөн орозолор кайра келбейт. Аллаха тооба кылын жана келген Рамазанды орозо менен өткөзүн. Орозо кармаваган киши фитир садакасыныда бербейт. Анткени: «Орозо тутканга күчү жеткендер жакырдын тамагын фидия берсин». Күчү жетпегендер же кармавагандар бул фидияны беришпейт. 

Аяттын улантысында Аллах мындай дейт: 

«Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо (туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди туура жолго салганы үчүн Алланы улуктагыла! Мүмкүн силер шүгүр келтирээрсиңер.» (Бакара 2/185). 

Теги: Рамазан орозосуну кармаваган киши, эмне кылышы керек,Рамазан орозосу, Куранда орозо.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети