ФАТВА
Шаввал айындагы орозо жөнүндө

Шаввал айындагы орозо жөнүндө

Шаввал айындагы орозо жөнүндө

Суроо: Шаввал айындагы орозо жөнүндө малымат бересизби? Бул кандай бир орозо? Аны кармаш керекби? 

Жооп: Куранда бир гана Рамазан орозосу жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок Расулуллахтын сөздөрүндө Шаввал орозосу бар. Алты күн кармалат деп айтылат. Расулуллах мындай деп айткан экен:

«Ким Рамазан орозосуну кармаса, анан Шаввал айындан алты күн дагы кошсо, ал кишиге бир жыл орозо кармаганы жазылат» (Муслим, Тирмизи, Абу Давуд, Ибн Мадже/ Сыям). 

Имам Шафи, Хамбел жана Аз-Захири алымдарын пикири бойунча Шаввалда алты күн орозо – бул мустахаб (диндин буйругу эмес, бирок жакшы). Имам Абу Ханифа, Малик жана Юсуф алымдардын пикири бойунча – бул макрух (тыйю салынган, бирок кармалса болот). 

Айрыкча, Имам Малик, өзүнүн китеби «Муваттада»: «Бул орозону андан мурун эч ким кармаган жок. Расулуллах сөзү эмес, башкалары жагындан айтылган экен. Сахабалар бул орозону кармаган эмес. Ошондой эле бул орозо динде бидат деп эсептелет. Динини жакшы билбеген мусулмандар бул орозону парз ойлонушу мүмкүн…». Жана Имам Малик мындай айткан:

«Меним учурумда, мен эч бир алымдан Шаввал айында алты күн орозо кармаганын көргөн жокмун. Эч бир сахабадан, табиинден жана табаи-табиинден бул орозо жөнүндө мага маалымат жеткен эмес. Бирок, кээ бир алымдар, башка (невежда) алымдардын бул орозону кармаган үчүн, макрух деп айткан экен. Эгерде бул орозо чындыгында бүт алымдар жагындан кармалган жана бир пикир менен бар болгону айтылган болсо, анда муну баары байкаган болчу. Бирок андай эмес…».

Теги: шаввал айындагы орозо жөнүндө, рамазан орозосу, мусулман жана орозо, орозо кандай кармалат, шаввалда алты күн орозо.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети