ФАТВА
Кошумча болгон орозону бузганда эмне кылыш керек?

Кошумча болгон орозону бузганда эмне кылыш керек?

Кошумча болгон орозону бузганда эмне кылыш керек?

Суроо: Кошумча (нафиль) болгон орозону бузганда, аны каза кылыш керек би? 

Жооп: Куранда кошумча орозо туралуу маалымат жок. Бирок Расулуллахтан бир хадис айтылып жатат:

«Айша айтып жатат: Кошумча орозо кармаган учурда, биз карындашым Хафза менен отурганда, бизге бир белек келди. Орозовузду бузуп ошол белектен жедик. Расулуллах кийин киргенде сурадык: «Я Расулаллах! Бизге белек берилди. Биз сабыр кылалбадык, жана белектен жедик. Биздин орозовуз бузулдуву?». Ал айтты: «Сизге күнө жазылган жок. Бирок ошол орозону башка күнү кайрадан кармайын» (Тирмизи, Абу Давуд). 

Имам Азам жана Имам Малик бул хадисти эреже катары, кошумча орозо туралуу өкүм чыгарган: Эгерде бирөө кошумча орозону бузган болсо, анда башка күнү кайрадан ошол орозосуну толукташ учун орозо кармасын. Бирок булардын өкүм чыгарган хадис – зайиф (начар) эсептелген…

Бул пикирди колдой тургандар, хадисти аяттар менен далилдаватат. Куранда, 47-чи сүрөнүн 33-чү аятында: «баштаган иштеринизди бүтүргүлө» жана 2-чи сүрөнүн 187-чи аятында: «орозоӊорду кечке чейин кармагыла» деп айтылып жатат. 

Бирок, Аллахын буйругу: «орозоӊорду кечке чейин кармагыла», парз орозо туралуу сөз болватат. Ошондуктан бул аят, айтылган хадиске далил болаалбайт. Каалаган, кошумча орозону бузганда башка күнү кармасын, калаваган – кармавасын. Күнө болбойт… 

Теги: кошумча болгон орозону бузганда, эмне кылыш керек, кошумча орозо, орозоӊорду кечке чейин кармагыла, парз орозо, рамазан орозосу, Куран аяты, хадис, пайгамбар.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети