ФАТВА
Мусулман аялзат шим кийсе болобу?

Мусулман аялзат шим кийсе болобу?

Мусулман аялзат шим кийсе болобу? 

Суроо: Аял киши сөзсүз узун көйнөк кийиши парзбы же кыска көйнөк кенен шымы менен кийсе болобу? Узундугу кандай болушу керек? 

Жооп: Биринчиден, Аллахтын, Куранда аялдын кандай кийгенини айтатурган аяттарга карайлы: 

«Момун айалдарга айт: «(Ар кайсыл эркекти кароодон) көздөрүн сакташсын жана уйаттуу жерлерин (айагы суйуктук кылуудан) сакташсын. Сулуулуктарын көрсөтпөсүн, көрүнүп тургандан башкасын. Жоолуктарын көкүрөктөрүнө чейин  жаба салынышсын. Сулуулугун көрсөтүшпөсүн. Бирок, өз күйөөсүнө, аталарына, кайын аталарына, өз уулдарына, өгөй уулдарына, (бир тууган) ага-инилерине, алардын уулдарына, эже-сиңдилеринин уулдарына, мусулман айалдарга, кол алдындагы күңдөргө, айалга муктаждыгы (кумардануусу) болбогон кызматкерлерге, же болбосо айалдардын уйаттуу жерлерин билбеген наристелерге көрсөтсө болот. Анан да, көмүскө кооздуктарын башкаларга көрсөтүү үчүн  буттарын жерге катуу уруп жүрүшпөсүн. Эй, момундар! Баарыңар Аллага гана тообо кылгыла! Балким (азаптан) кутулаарсыңар» (Нур 24/31). 

«Эй, пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын айалдарына айткын: «Үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди жамынышсын. Бул – алардын таанылуусуна жана кордолбоолоруна жакыныраак. Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү!» (Ахзаб 33/59). 

Аял же эркек киши кандай көйнөк кийгенин өздөрү билиши керек. Кандай көйнөк кийсенер кийин, алар исламга, динге жана Аллахтын парз буйругуна жараша болушу керек. Ошондуктан узундугуну жана кенени өзүнүз чечесинер. Биз негизиги жооп беребиз, калганы силерге карайт. 

Ал эми шимдар, аялдар үчүн эмес! Кааласанар, юбкага окшош кенен шимдар кийсенер болот. Бирок, кайра айтып жатам, шимдар аялдар үчүн эмес! Шим – өзүнчө эркекке махсус бир кийим эсептелет. Аялга, эркектин кийимини кийбеш керек, эркектергеде, аялдардын кийимдерини кийбеш керек. Бул коомдогу бир эреже. Эгерде бул эреже бузулса, кийимдер карамакаршы болсо, анда ошол коомдун адеп-ахлакы кетет, жана ар-кандай бузулганга башталат. 

Ар бир коомдун улуттук кийимдери бар. Алар абдан жакшы жана сулуу болот, анткени алар өз улуттун. Улуттук кийимдер бир улутун адебини, урп-адатыны, ич-дүйнөсүнү, байлыгыны, маданий жактарыны көрсөтөт. Бирок мусулман дүйнөсү азырда башка улуттардын кийимдерине кызыгып жатышат. Эгерде кыргыз улуту өз кийимдерини модага жана коомго жараша жаныласа, чындыкта, башка улуттар кыргыздардын кийимдерине кызыгат…

Бул суроого дагы көп сөз айтышыбыз мүмкүн, бирок мынча жетет ойлойбуз. 

Теги: мусулман аялзат, шим кийсе болобу, шим эркеке махсус бир кийим, улуттук кийимдер бир улутун адебини, урп-адатыны, ич-дүйнөсүнү, байлыгыны, маданий жактарыны көрсөтөт, Нур 24/31, Ахзаб 33/59.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети