ФАТВА
Куранда намаз убакыттары. Исра сүрөсү аят 78

Куранда намаз убакыттары. Исра сүрөсү аят 78

Куранда намаз убакыттары. Исра сүрөсү аят 78

Суроо: Исра сүрөсүнүн 78-чи аятында кайсыл намаздар жана алардын убакыттары айтылыт?

Жооп: Исра сүрөсүнүн 78-чи аятында үч намаздын убактысы айтылып жатат. Булар: 1) пешим намаз, 2) куптан намаз, 3) багымдат намаз.

Пешим намаздын убактысы – күн төбөдөн (байкоочунун төбөсүндө асмандагы эӊ жогорку чекиттен) батышка кайтканда башталат. Куптан намаздын убактысы – күндүн батыш асманында ак жарыгы кызылга өткөндө башталат жана караӊгылык басканда бүтөт. Багымдат намаздын убактысы – чыгыш асманындагы горизонтто караӊгылыкты ак жарыктан кызыл жарык узундугуна бөлгөндө башталат жана күн чыгышка чейин созулат… 

Аллах Исра сүрөсүнүн 78-чи аятында мындай дейт:

«Күндүн батышка кайтканындан, батышты караӊгылык басканга чейин намаз оку! Ошондой эле таӊ куранын (багымдат намазын да) оку! Акыйкатта, таӊ намазы күбөлөнгөн болот» (Исра 17/78). 

Аллах Куранда мындай дейт: 

«Күндүзүн эки тарабында, түндүн таӊга ыктаган (жакындаган) бөлүгүндө намаздарды толук аткаргыла. Чынында жакшылыктар – жамандыктарды кетирет. Бул – түшүнгөндөр үчүн эскертүү» (Худ 11/114). 

Ал эми аятта «күндүзүн эки тарабында» дегенин, бул, күндүн чыккандан кийинки убактысы болот. Бул убакытта пешим (зухр) жана асыр намаздары аткарылат. Мына бул бир тарабы. Ал эми экинчи тарабы, бул күндүн баткандан кийинки убактысы болот. Бул убакытта шам (магриб) жана куптан (иша) намаздары аткарылат. Жана «түндүн таӊга ыктаган (жакындаган) бөлүгү» бул багымдат (фажр) намазы болот. Бул намаз күн чыккандан мурун окулат. 

Мына Худ сүрөсүнүн 114-чү аятында беш маал намаздын убакыттары ачык айтылып жатат. Ал эми Куранда үч маал намаз айтылып жаткан дегендер, алар же түшүнбөстөн айтышат, же атайын өздөрүнө намазды кыскартып ылайык көргөндөр. 

Намаз – беш маал окулат! Расулуллахтан мурунда ошондой эле болгон, анын заманында дагы, андан кийин да ошондой болот. Беш маал намазды үч маал намазга түшүргөндөр Куранга каршы иш кылып жатышат. Беш маал намаз Куранда бар жана Аллах тарабынан толук ачыкталган… 

Теги: Куранда намаз убакыттары, Исра сүрөсү аят 78, намаз – беш маал окулат, Худ сүрөсү 114-чү аяты, Исра сүрөсү 78-чи аяты.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети