ФАТВА

Эмнеге Аллах мурас темасыны толук ачыктап жатат?

Эмнеге Аллах мурас темасыны толук ачыктап жатат? 

Суроо: Эмнеге Аллах мурас темасыны Курандын эки жеринде ачыктап жатат, бирөө Бакара сүрөсүнүн 180-чи аятында, бирөсүдө Ниса сүрөсүнүн 11-чи жана 12-чи аяттарында? 

Жооп: Мунун себеби албетте бар. Биринчиден Аллах мындай дейт: 

«Кыямат күнү ар бир коомдун ичинен бирден күбө алып келебиз. Сени болсо ушул коомго күбө кылабыз. Ошондуктан сага ар нерсени түшүндүрүп бере турган жана мусулмандар үчүн туура жол, мээрим, кубаныч түрүндө Куранды түшүрдүк» (Нахл 16/89).

Аллахтын Куранда ар бир нерсеге толук маалымат бергенин себеби бар. Аллах Курандын ачыктамасыны өзүнө алган. Куранды ачыктоого эч кимдин укугу жок. Аллах мындай дейт: 

«Алиф, лям, ра. Бул (Куран) – аяттары бекитилген жана Даанышман, Билүүчү (Аллах) тарабынан ачыктанып баяан кылынган Китеп. (Мунун себеби) Аллахтан башкасына сыйынбагыла! Чындыгында мен силерге Ал тараптан эскертүүчү жана кубандыруучумун» (Худ 11/1-2). 

Ал эми тема бойунча мындай айтайлы. Бакара сүрөсүнүн 180-чи аятындагы мурас маселеси мусулман коомго жүктөлгөн. Бул буйрук «силерге парз кылынган» (عليكم كتب) деген сөзүнөн түшүнүлөт. Ал эми «урп-адатка карата» (بالمعروف) сөзүнөн бөлүнгөн бөлүмдөрүнү түшүнөбүз. Бирок бул бөлүмдөрдүн өзгөрбөй жагыны Ниса сүрөсүнүн 11-чи жана Бакара сүрөсүнүн 181-чи аяттарында ачыктанып жатат. 

Мурас жөнүндөгү Куран буйруктары ачыктан Бакара сүрөсүнүн 180-чи жана 181-чи аятында, Ниса сүрөсүнүн 7-чи, 11-чи, 12-чи  жана 176-чи аяттарында өтүп жатат. Бирок Анфаль сүрөсүнүн 75-чи аятында кайыр айтылат.

Теги: эмнеге Аллах мурас темасыны толук ачыктап жатат, Куранда мурас, 2/180-181, 4/7, 11-12, 176, 8/75, 16/89, 11/1, 39/23.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети