ФАТВА
(Бал) Аарысы сүрөсүнүн 67-чи аятыны кандай түшүнүшүбүз керек?

(Бал) Аарысы сүрөсүнүн 67-чи аятыны кандай түшүнүшүбүз керек?

(Бал) Аарысы сүрөсүнүн 67-чи аятыны кандай түшүнүшүбүз керек?

Суроо: Аллах (Бал) Аарысы сүрөсүнүн 67-чи аятында эмне дейт? Аны кандай туура түшүнүшүбүз керек?

Жооп: Аллах мындай дейт:

«Курма дарактын жемиштеринен жана жүзүмдөрдөн башты айлантурган суусундуктар жасап аласыӊар жана ырызк табасынар. Чындыкта, мында ой жүгүрткөн эл үчүн үлгүлөр бар» (Аары 16/67). 

Эми көрүп жатасынар, курма жана жүзүмдөн, араптар бир жактан, ырызкыны таап жүргөн, башка жактан, башты айлантурган суусундуктар жасаган экен. Алар бул адал жемиштерди жаман иште, орундо колдонгон үчүн, Аллах башка аяттарда, бул ишге тыйю салды. Жөн эле бул жемиштерди жегенде же таза ичимдик жасап ичкенде, эчтеке болбойт эле. Бирок алар шарап (вино) жасаптурган экен.

Адал жана таза тамакка уруксат берилген, бирок арам жана таза эмес тамакка уруксат берилбеген. Бул сөздөр Куранда түшүнгөн коомга айтылып жатат. Аллах мындай дейт:

«Эй, йыман келтиргендер! Силерге берилген таза (адал, жакшы) ырыскылардан жегиле. Эгер чындап эле Ага сыйынчу болсоӊор, Аллахка шүгүр кылгыла» (Бакара 2/172).

Ал эми алколдук ичимдиктерге арам деген жана аларды ичпегиле деген аят ачык жана жеткенче түшүндүрүүчү болуп жатат: 

«Эй, момундар! Хамырдан (башты айланатурган алколдук ичимдиктер), кумар, (сыйынуу үчүн) орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыӊар. Чындыгында, шайтан алколдук ичимдик менен, кумар менен ортолоруӊарга душмандык жана кек салып, Аллахты эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт. Ошондой болсо да тыйылбайсыӊарбы?!» (Маида 5/90-91). 

Теги: (Бал) Аарысы сүрөсүнүн 67-чи аятыны кандай түшүнүшүбүз керек, курма дарактын жемиштеринен, жана жүзүмдөрдөн башты айлантурган суусундуктар жасап аласыӊар, жана ырызк табасынар, адал жана таза тамакка уруксат берилген, бирок арам жана таза эмес тамакка, уруксат берилбеген.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети