ФАТВА
Инсан жана анын коргоочу периштелери

Инсан жана анын коргоочу периштелери

Инсан жана анын коргоочу периштелери

Суроо: Меним суроом мындай: Ар бир инсандын жанында даима бир шайтан болот. Ал эми периштелерчи? Аларда шайтанга охшоп, инсандын жанында төрөлгөндөн өлгөнгө чейин болобу? Ырахмат.

Жообу: Бул суроо менен байланыштуу аяттарда периштелер инсандын жанында, инсан төрөлүп өлгөнгө чейин болот деп айтылат. Ал эми шайтандар, алар адам баласына, Аллахтын туура жоолунан чыккандан кийн жабышат. Бул сөздүн далили Зухруф сүрөсүнүн 36 жана 37 аяттарында өтүп жатат. Айрыкча Шуара сүрөсүнүн 221-223 аяттарында бул маселе айтылат. 

Аллах мындай дейт: «Чындыгы, силердин үстүндө коргоочулар (периштелер) бар жана асыл жазуучулар. Алардын, жасап турган иштерин бардгынан кабары бар» (82/10-12). 

Мына, көрүп жатасынар, ар бир инсандын үстүндө коргоочу периштелер бар. Анткени Аллах «силердин үстүндө» дейт. Башкача айтканда, силердин үстүндө дегени, динине, миллетине карабай эле, бүт инсандардын үстүндө. 

Айрыкча бул линктерде дагы карайыныздар:

http://www.koranika.ru/?p=2644, http://www.koranika.ru/?p=2489 (орусча). 

Теги: инсан жана анын коргоочу периштелери, Зухруф сүрөсү, ар бир инсандын үстүндө коргоочу периштелер бар, 82/10-12, 43/36-37, 26/221-223.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети