ФАТВА

Мурасты бөлүү маселеси

Мурасты бөлүү маселеси

Суроо: Мурас жөнүндө суроом бар. Бир киши дүйнөдөн өтүп кетти, анын эки кызы, эки уулу жана мурун өлгөн уулунун балдары калыптыр. Ошол мурасты ортолорундо кандай адалеттүү бөлүшүбүз керек?   

Жооп: Эгерде мурасты он (10) бөлүккө бөлгөн болсок, анда эки кызы эки (1+1=2) бөлүк алышат, ал эми эки уулу (өлгөн уулунун балдары эсеби мненен) арбирине эки (2+2+2=6) бөлүктөн берилет… 

Ошол өлгөн кишинин, мурун өлгөн уулунун уулу жана кызы болсо, анда алардын ортосунда да мурас кыз балага (1) бир, эркек балага (2) эки деп бөлүнөт. 

Аллах Куранда мындай дейт: 

«Аллах перзенттериңер жөнүндө: эркекке – эки кыздын үлүшүнчө мурасты осуят кылат. Эгер экиден көп же баары кыз болсо – мурастын үчтөн экиси, эгер жалгыз кыз болсо – тең жарымы тиет. Эгер мурас калтыруучунун перзенти болсо – ата-энесинин ар бирине, мурастын алтыдан бир бөлүгү тиет. Эгер ал перзентсиз болуп, ата-энеси гана мураскор болсо – апасына үчтөн бири тиет. Эгер анын бир туугандары болсо – апасына алтыдан бири тиет. Маркумдун керээзи аткарылып, карыздары төлөнгөн соң эсеп ушундай аткарылат. Ата -энеңер же балдарыңардын кай бири силерге пайдалуураак экенин билбейсиңер. Аллахтын көрсөтмөсү ушундай. Акыйкатта, Аллах Билүүчү, Даанышман» (4/11).

Теги: мурасты бөлүү маселеси, мурас кимге тиет, мураска кимдер ылайиктуу, мурас Куранда айтылган…

 

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети