ФАТВА
Намазды билбеген мусулман кыз жолукту кийиши керек би?

Намазды билбеген мусулман кыз жолукту кийиши керек би?

Намазды билбеген мусулман кыз жолукту кийиши керек би?

Суроо: Саламатсыздарбы! Мен 18 жаштамын, намаз окуганды жаныдан үйрөнүп жатам, толук үйрөнө элекмин. Азыр хиджаб кие берсем болобу? Намаз окугандан кийинки күнөөлөр жөнүндө айтыныздарчы?

Жооп: Саламатчылык. Ырахмат.

Ооба, намазды толук окубасанарда, бир кыз 18 жашка келгенде жолукту (хиджабты) сөзсүз кийиши керек. Анткени, жолук кийю — бул айрыкча бир парз, намаз окуу — ал айрыкча бир парз эсептелет.

Намаз жана башка ибадаттар, булар баары Аллахтын буйругу. Намаз, орозо, зекет жана ажылыкты — бир гана күнөөлөрдүн өчүргүчү деп, түшүнбөш керек. Албетте, намаз окуганда күнөөлөр кечирилет, бирок андан мурун намазды — бир ибадат, бир зикир, бир буйрук, бир сыноо, бир тарбия, бир үммөт биримдиги, бир Аллахга багымдыгыны (кайрылоосуну) көрсөтүү катары билиш керек. Ошондуктан, намаз окуган киши — намазды хушуу (коркуу жана урмат) менен окушу керек. Аллах мындай дейт:

«Алар (момундар) намаздарында коркуу менен (окушат)» (Муминун 23/2).

Бир башка маселе дагы бар. Ислам дининде мындай бир түшүнүк бар: Акыйкатты билбегендерге, жасаган каталарга күнөө жазылбайт. Бирок, акыйкатты үйрөнгөндөн кийин, кайра ошол каталарды жасаган болсоӊор, анда күнөө жазылат. Анан өткөн күнөөлөргө тооба кылгандан кийин, аларды эч качан жасабаш керек. Аллах мындай дейт:

«Ал эми, ким өкүнүп тообо кылса жана жакшылык иштерди иштесе, анда Аллах алардын жаман иштерин жакшы менен алмаштырып койот. Акыйкатта, Аллах — Кечиримдүү, Мээрбан! А ким тообо кылса жана жакшылык иштерди иштесе, акыйкатта ал Аллахка чын ыклас менен тообо кылып кайрылат» (Фуркан 25/70-71).

«Күндүздүн эки тарабында, түндүн таӊга ыктаган бөлүгүндө намаздарды толук аткаргыла. Чынында жакшылыктар — жамандыктарды кетирет. Бул — түшүнгөндөр үчүн эскертүү» (Худ 11/114).

Теги: намаз, орозо, закят, хадж, жолук, хиджаб, жолук аяты, намаз аяттары, жолук кийю парз, намаз окуу парз.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети