ФАТВА
Нике бузатурган шарттар кайсы?

Нике бузатурган шарттар кайсы?

Нике бузатурган шарттар кайсы?

Суроо: Асяляму алейкум. Менин суроом төмөндөгүчө. Суранам урушуп жек коруунун кереги жок. Биринчи жолдошум экөөбүз телефондо урушуп кетип, ал мага телефондо үйүнө кетебер, келсен кет деген. Ал маалда ал Россияда мен Кыргыстанда анын үюндө элем. Мен кеттим. Төрт ай өтүп, башка бирөөгө турмушка чыктым, никебиз окулду. Менин турмушка чыкканымды угуп биринчи күйөөм мага чалып «сенин жообунду берген эмесмин, эми берем уч талак койдум, жообунду бердим»! Ошондо менин экинчи жолдошум менен никем махрам болдубу? Аллахка чексиз шүгүр мен жолдошум менен бактылуу, он айдан бери жашап келебиз. Бирок ушул ой тынчтык бербей койдум, жооп берсениздер аябай ыраазы болот элем.

Жооп: Алейкум салам. Суроонуз үчүн ырахмат сизге.

…Эгерде жолдошунуздун сизге телефондо «үйүнө кетебер» сөзүнөн кийин анын ата-энеси же жакындары сиздин кеткенинизге үн чыкпаган болсо, анда «үйүнө кетебер» сөзү, бир талак деп эсептелет. Үйгө баргандан кийин, сиз үч иддат (үч тазалык айы) убактысыны күтүп кайра үйлөнгөн болсонор, анда бул иште эч бир проблема жок.

Россиядан келгенден биринчи жолдошунуз мындан кийин: «Мен телефондо талак берген жокмун, эми сага талак берип жатам», деген сөздөрүн эч бир укугу жана чындыгы жок. Ошондуктан, экинчи жолдошунуз менен бактылуу жашай берин.

Кошумча билги! Мазхаптар бойюнча, — сиз телефондо күйөнүз менен урушуп кеткенде эриниздин сизге айткан «үйүнө кетебер» сөзү, — «сизди бошойду» эсептелет. Бирок, Курандын аяттарына караганывызда, андай эмес. Бир аялды никеден чыгарыш үчүн бир топ шарт алдыга келет. Бул шарттар болбосо, анда Аллах алдында айтылган талактар өтпөй калат…   

Бир аялды никеден чыгарганга шарттар төмөндөй эле:

  1. Талак – мас болгондо, урушканда, телефон жана СМС жолу менен берилбейт.
  2. Талак – никеде болгондой, күбөлөр алдында берилет.
  3. Талак – күбөлөр алдында берилгенден кийин, аял үч тазалык иддатыны күтүш керек.
  4. Үч тазалык иддаты бүткөндөн кийин, жыныстык мамеле болбосо, анда аял бош болот.
  5. Бул ажырашуудан кийин, ошол аял жана эркек кайра бирге болойлу деген болсо, анда таза нике кыйдырып үй-бүлөө болсолор мүмкүн.

Теги: талак, нике кандай бузулат, нике качан бузулат, нике эмне бузат, аял, эркек, үч талак, үй-бүлөө, молдо никеси, ажырашуу.

2 комментария

  • Салматсызбы!
    Менин суроом мындай аял киши озуно талак бере алабы?Куйоом мн чогу жашабайм 3айдан бери,куйоом мен бере албайм оз озуно бере алсан болот дейт.Урушуп кеткенибизде мага тушунукттуу кийимдеринди дагы алып кет деген бул талакка жатпайбы

    • Саламатчылык!
      Жок, сиз озунузго талак бере албайсыз. Бул мумкун эмес. Жана урушканда талак берилбейт. Ушундай учурда талак сахих болбойт.

Новые материалы

Наши социальные сети