ФАТВА
Аялдын ачуусу келгенде эрине талак бериши мүмкүнбү?

Аялдын ачуусу келгенде эрине талак бериши мүмкүнбү?

Аялдын ачуусу келгенде эрине талак бериши мүмкүнбү?

Суроо: Аял ачуусу келип турганда талак берсе кабыл болобу?

Жооп: Аял, ачуусу келгенде, эрине: «мен сени бошойдум» деген сөздү айталбайт. Куранда аялга берилген бир талак түрү бар, анын аты – ифтида.

Эгерде эркек аялды бошойсо, анда махр деген нерсени аялынан алалбайт. Бирок аял эрине: «мага талак бер» десе, анда аял махрдын баарыны эрине тапшырышы керек.

Аллах Куранда талак жана ифтида жөнүндө мындай дейт:

«Талак (ажырашуу) эки жолу болот (ирет). Ошондуктан тууралык менен кармоо, же жакшылык менен ажырашуу (керек). Аларга бергениңерден бир нерсени (кайра) алуу адал эмес. Бирок экөөсү тең Аллахын чегин сактай албай калуудан коркушса, же силер да ал экөөсү Аллахын чегин сактай албоосунан корксоңор, анда аялдын күйөөсүнө төлөм берүүсүндө экөөнө тең күнөө жок. Мына ушул – Аллахын чектери. Андан аша чаппагыла. Ким Аллахын чегинен өтсө, мына ошолор – заалымдар» (Бакара 2/229).

«Ифтида» деген сөз: (بِهِ افْتَدَتْ فِيمَا عَلَيْهِمَا جُنَاحَ فَلاَ اللّهِ حُدُودَ يُقِيمَا أَلاَّ خِفْتُمْ فَإِنْ) бул аятта (2/229) өтүп жатат. Аял бул иш менен күйөөсүндөн талакты сатыбалат. Аял мындай кылганында, күйөөсүнүн берген бүт белек жана башка нерселерди кайра бериши керек. Бул ишке Аллах төлөм берүү дейт…

«Талак (ажырашуу) эки жолу болот. Ошондуктан тууралык менен кармоо, же жакшылык менен ажырашуу (керек). Аларга бергениңерден бир нерсени (кайра) алуу адал эмес. Бирок экөөсү тең Аллахын чегин сактай албай калуудан коркушса, же силер да ал экөөсү Аллахын чегин сактай албоосунан корксоңор, анда аялдын күйөөсүнө төлөм берүүсүндө экөөнө тең күнөө жок. Мына ушул – Аллахын чектери. Андан аша чаппагыла. Ким Аллахын чегинен өтсө, мына ошолор – заалымдар. Күйөөсү аялына үчүнчү жолу талак берсе, андан ары ал башка күйөөгө тиймейинче адал эмес. Эгер ал ага талак берсе, экөөсү тең: «Аллахын чектерин сактай алабыз» – деп ойлошуп, кайра жарашышса анда күнөө жок. Бул – Аллахын чектери. Аны биле турган коом үчүн баяндайт» (Бакара 2/229-230).

Кошумча: http://www.fatva.net/?p=954, http://www.fatva.net/?p=984.

Теги: аял эрине талак бериши мүмкүнбү, талак, ажырашуу, талак эки жолу болот, төлөм берүү, ифтида, аялдын талак уруксаты, Бакара 2/229-230.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети